# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №266-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табылышы тууралуу" Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №266-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табылышы тууралуу" Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 266-р
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4190/edition/298996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №266-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табылышы тууралуу" Буйругу (10.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18921

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 10-августу № 266-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, Жал кичи району, Ахунбаев көчөсү, 190 дарегинде жай-

гашкан Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун курулушу

бүтпөгөн объектисин сатууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругу "Саламаттык сактоо уюмдары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясын жана "Кыргыз

Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясын бузуу менен кабыл алынгандыгына

байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы №

664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табыл-

сын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-

митети:

- ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүш-

сүн;

- өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү менен

укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
