Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табылышы тууралуу» Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-августу № 266-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Бишкек шаары, Жал кичи району, Ахунбаев көчөсү, 190 дарегинде жай-
гашкан Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун курулушу
бүтпөгөн объектисин сатууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 13-октябрындагы № 664-б буйругу "Саламаттык сактоо уюмдары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясын жана "Кыргыз
Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясын бузуу менен кабыл алынгандыгына
байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-октябрындагы №
664-б буйругунун колдонулушу жоюлсун жана ал күчүн жоготту деп табыл-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыр-
гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-
митети:
- ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүш-
сүн;
- өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү менен
укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон