Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-августу №247-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-
жылдын 4-июлундагы № 261 "Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра
иштетүү жана сатып өткөрүү жагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча
чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Кыргызресурстары"
мамлекеттик ишканасы менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик резервдер
боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы узак мөөнөттүү
макулдашууларды ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода
министрлиги жана Кыргыз Республикасыныи Тышкы иштер министрлиги өз
ыйгарым укуктарынын чегинде "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынын
ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана
чыњдоо багытында жетишилген келишимдерди аткарууга көмөк көрсөтүшсүн.
2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:
- Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана Россия
Федерациясынын Мамлекеттик резервдер боюнча федералдык агенттиги менен
Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына айыл чарбалык продукция,
ошондой эле аны иштетүүнүн продуктуларын беруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү
жүргүзсүн жана тийиштүү контракттардын долбоорлорун Кыргыз
Республикасынын өкмөтүнүн кароосуна жактыруу үчүн киргизсин;
- айыл чарбалык продукция, ошондой эле аны иштетүүнүн продуктуларын
камдоону уюштурсун жана тузулгөн контракттарга ылайык аларды Россия
Федерациясына экспорттосун;
- Кыргыз Республикасыныи Айыл, суу чарба жана кайра иштететүү өнөр
жай министрлигине түзүлгөн контракттарга ылайык айыл чарбалык
продукция берүүлөрдүн ассортименти жана көлөмү жөнүндө маалымат
берсин.
3.Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, мамлекеттик ишканалар, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына айыл чарбалык продукцияны
камдоого жана экспорттоого ар тараптуу жардам жана кодоо көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 149-
6 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты
пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.