Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 28-сентябры № 365-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө байланыштуу:
1. 2007-жылдын 1-октябрынан баштап улгайган адамдарга социалдык
колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыялансын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин
түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жетекчилери төмөнкүдөй чара
көрүшсүн:
- улгайган жарандарга кышка отун сатып алууга, үйүн оњдоого мате-
риалдык жардам берүүгө;
- тиричиликтик тейлөө (бут кийимин оњдоо, химиялык тазалоо, кир
жууш, мончо, чачтарач ж.б.) кызматтарын акысыз көрсөтүүгө; - муктаж ул-
гайган адамдар үчүн кайрымдуулук түштөндүрүү уюштурууга;
- арзандатылган баа менен азык-түлүктөрдү, биринчи кезекте керек-
телчү товарларды чекене сатуу боюнча жарманкелерди өткөрүүгө;
- саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультация-
ларды берүү боюнча акцияларды өткөрүүгө;
- медициналык себептери бар болсо муктаж майып пенсионерлерге жеке
жылып жүрүү каражаттарын (кресло-коляска) берүүгө;
- театрдык-зоок иш-чараларга акысыз киргизүүгө.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчыларына төмөнкүлөр сунушталсын:
- аз камсыз улгайган жарандарга моралдык колдоо көрсөтүү жана бир
жолку материалдык жардам берүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткө-
рүү;
- пенсионерлердин коомдук уюмдарын тартуу менен Улгайган адамдар-
дын эл аралык күнүн даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- кары-картањдар жана майыптар үчүн интернат үйлөргө каржылык жар-
дам көрсөтүү.
4. Бишкек шаарынын мэриясы, Чүй облусунун мамлекеттик администра-
циясы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана
соода министрлиги Бишкек шаарында азык-түлүк жана азык-түлүк эмес то-
варларды улгайган адамдарга арзандатылган баалар менен сатууну уюшту-
рушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тө-
мөнкүлөрдү уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздасын:
- пенсионерлердин кењири катышуусу менен региондордо маданий-мас-
салык иш-чараларды;
- Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бишкек шаарында өздүк
көркөм чыгармачылыктын жана колдонмо көркөм өнөрдүн республикалык фес-
тивалын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кары-картањдар жана
майыптар үчүн интернат үйлөрдү 2007-жылга республикалык бюджетте беки-
тилген каражаттардын чегинде өз убагында жана толук каржылоону камсыз-
дасын.
7. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иш жүргүзүшкөн юридикалык
жана жеке жактардын аз камсыз улгайган жарандарга гуманитардык жардам
берүү боюнча демилгеси колдоого алынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына бардык
региондордо Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө жана бир айлыгына да-
ярдануунун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырууну уюштуруу сунушталсын.
9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.