# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 372 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 372 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4172/edition/298986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 372 Буйругу (02.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18903

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 2-октябры № 372-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006- жылдын 3-июлундагы № 371-б

буйругу менен бекитилген Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө

Стокгольм конвенциясын аткаруунун улуттук планын натыйжалуу ишке ашыруу

максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөр-

гөндүгүнө байланыштуу:

1. Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвен-

циясын аткаруунун улуттук планын ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча тирке-

меге ылайык курамда Координациялык комитет түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-

касында Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвен-

циясын аткаруунун улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын маалымат берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006- жылдын 3-июлундагы №

371-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппара-

тынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыш

ресурстары бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-

ратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү" де-

ген сөздөр менен алмаштырылсын;

- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Өзгөрбөс органикалык булгоо-

чу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруунун улуттук планына тө-

мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3. 2-пунктта:

"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-

рлиги", "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги",

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча

мамлекеттик инспекция", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ин-

теллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик", "Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тий-

иштүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү ми-

нистрлиги", "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги", "Кыргыз Рес-

публикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин

алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция", "Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы", Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик бажы комитети"деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги өнөр жай саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооп-

туу.";

төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инсти-

туту (макулдашуу боюнча) стандартташтыруу жана метрология маселелери

үчүн жооптуу.";

- Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенци-

ясын аткаруунун улуттук планын аткаруу боюнча иш-аракеттердин таблица-

сына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

"Жооптуу орган" деген графадагы "Өнөр жай министрлиги", "Эмгексоц-

мин" деген сөздөр жана "Билим берүү министрлиги" деген сөздөр тийиштүү-

лүгүнө жараша "Өнөржайэнергомин", "Соцөнүктүрүүмин", "Билиммин" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы №

688-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 2-октябрындагы

№ 372-б буйругуна

тиркеме

Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар

жөнүндө Стокгольм конвенциясына көмөктөшүү

боюнча Координациялык комитеттин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ко-

ординациялык комитеттин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары,

Координациялык комитеттин тењ төрагасы;

Координациялык комитеттин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Айыл,

суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин статс-катчысы,

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Кыр-

гыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-

нистринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин

орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин

орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-

нин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын

орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо-

юнча улуттук агенттигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);

Улуттук стандартташтыруу жана метрология институтунун директорунун

орун басары (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси - министр М.Исмаилов
