Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Правительства КР (Об утверждении прейскуранта цен на платные услуги по срочному оформлению, изготовлению/персонификации и выдаче паспорта гражданина Кыргызской Республики/общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики, согласованный с Национальным агентством КР по антимонопольной политике и развитию конкуренции)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 марта 2012 года №210 "О платных услугах по срочным приему, оформлению, проверке и выдаче паспортов граждан Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы N 210 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-сентябры № 350-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун/Кыргыз Республикасынын
жаранынын жалпы жарандык паспортун тез тариздөө, жасоо/персоналдашты-
руу, жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарга бааларды
төмөндөтүү максатында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун/Кыргыз
Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тез тариздөө, жа-
соо/персоналдаштыруу, жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат-
тарга баалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
менен макулдашылган прейскуранты бекитилсин.
2. 2007-жылдын 24-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругу күчүн жоготту деп
табылсын.
3. Бул буйрук 2007-жылдын 24-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-сентябрындагы
№ 350-б буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун/Кыргыз
Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун
тез тариздөө, жасоо/персоналдаштыруу, жеткирүү жана
берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарга баалардын
ПРЕЙСКУРАНТЫ
| Паспорттун түрү | Тездик даражасы | Аткаруу | Бирдик үчүн |
| мөөнөтү (күн) | баа (евро) | ||
| Кыргыз Республикасынын | Тез | 8 | 40 |
| жаранынын паспорту | ----------------- | -------------- | ------------- |
| Өзгөчө тез | 4 | 45 | |
| Өтө тез | 2 | 50 | |
| Кыргыз Республикасынын | Тез | 8 | 70 |
| жаранынын жалпы | ----------------- | -------------- | ------------- |
| жарандык паспорту | Өзгөчө тез | 4 | 85 |
| Өтө тез | 2 | 100 |
Эскертүү: Баалар Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы учурда
колдонулуучу бардык салыктарды эске алуу менен келтирилген.
Акы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен Кыргыз Республи-
касынын Улуттук банкынын төлөгөн күнгө карата курсу боюнча жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругуРаспоряжение · 28.06.2006 · № 356 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы №210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар…Постановление · 28.03.2012 · № 210 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругуРаспоряжение · 28.06.2006 · № 356 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.