# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 360-б (атайын автомобиль транспорт сатып алууга уруксат берүү тууралу) Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 360-б (атайын автомобиль транспорт сатып алууга уруксат берүү тууралу) Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 360-р
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18891>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4160/edition/298974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18891.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 360-б (атайын автомобиль транспорт сатып алууга уруксат берүү тууралу) Буйругу (18.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18891

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-сентябры № 360-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618

"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке

келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлигине караштуу Мамлекеттик фельдъегерлик кызматка:

- "РАФ 2203" маркасындагы, 1989-жылы чыгарылган, шасси № 194458,

кузов N 194458, "ГАЗ 24" маркасындагы, 1981-жылы чыгарылган, шасси №

0708818, кузов № 69996 жана "ВАЗ 21013" маркасындагы, 1983-жылы чыга-

рылган, кузов № 4250210 атайын автомашиналарды аныкталган тартипте са-

тууга;

- жогоруда көрсөтүлгөн автомобилдерди сатуудан алынган каражаттын

жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-

не караштуу Мамлекеттик фельдъегерлик кызматтын атайын эсебиндеги кара-

жаттардын эсебинен үч атайын автомобиль транспорт сатып алууга уруксат

берилсин.

2. Автотранспорт сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
