# Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 8-августундагы №254-б«Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 8-августундагы №254-б«Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4143/edition/358085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18873.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 8-августундагы №254-б«Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Буйругу (28.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18873

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2007-жылдын 8-августу №254-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакциясына ылайык)

«Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы

менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча макулдашууну

ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-

майындагы № 88 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз-кытай

мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл

Республикасынын ортосундагы 1999-жылдын 26-августундагы Кошумча

макулдашууга ылайык, "үзөнгү-Кууш" чегара заставасынын өткөрүлүп

берилген имараттары жана курулмалары үчүн компенсациянын эсебине Кытай

Эл Республикасынан 24 миллион сом суммасында акча каражаттарынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын эсебине түшүүсүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын

Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын социалдык-тиричилик шартта-

рын жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз

Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына "Имараттар жана курулмалар" статьясы боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүн 24 миллион сом сум-

масына көбөйтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу мыйзам дол-

боорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна

киргизсин.

(2010-жылдын 28-январындагы №40 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы:

- түшкөн каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн курулуш

обьекттеринин тизмесин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

бекитүүсүнө берсин;

- курулуш-монтаждоо жумуштарын сатып алууну «Мамлекеттик сатып

алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык

ишке ашырсын;

- көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багыты боюнча

гана пайдалансын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнін Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук

бөлүмүнө жуктөлсүн.

Премьер-министр А. Атамбаев
