Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2002-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга 2005-жылдын 5-сентябрында кол коюлган толуктоону ратификациялоо тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 7-июлу № 97
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз Республикасына мурда берилген кредиттер боюнча
Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга
2005-жылдын 5-сентябрында кол коюлган толуктоону
ратификациялоо тууралу
2006-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
2002-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына мурда
берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу
жөнүндө Макулдашууга Москва шаарында 2005-жылдын 5-сентябрында кол ко-
юлган толуктоо ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия тарапка Кыр-
гыз Республикасынын жогоруда аталган Макулдашууга карата толуктоонун
күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы
жөнүндө билдирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.