# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №248-б Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №248-б Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 248-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4138/edition/531648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №248-б Буйругу (29.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18867

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 7-августу № 248-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жањыдан түзүлгөн Кесип-

тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттикти имарат менен

камсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан N 4 жана 5 кесиптик

лицейлердин имараттарын окуу жайлар тарабынан максаттуу пайдалануу ма-

селелерин чечүү максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн

башчысы, комиссиянын төрагасы;

Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

каруу боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекет-

тик мүлк фондунун директорунун орун басары, ко-

миссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Черноморец В.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башка-

руучусунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Боронов А.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

министринин орун басары;

Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун

басары;

Абылкасымов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн экс-

перти, комиссиянын катчысы.

2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө Бишкек шаа-

рында жайгашкан N 4 жана 5 кесиптик лицейлердин имараттарын окуу жайлар

тарабынан пайдалануу маселелерин изилдеп чыксын жана Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн имараттарды андан ары максаттуу пайдалануу

боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ви-

це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
