# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 240-б "Жабыр тарткан турак үйлөрдү текшерүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө" буйрук

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 240-б "Жабыр тарткан турак үйлөрдү текшерүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө" буйрук
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 240-р
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4135/edition/298951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 240-б "Жабыр тарткан турак үйлөрдү текшерүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө" буйрук (30.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18864

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2007-жылдын 30-июлу № 240-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Табигый кырсыктардан жабыр тарткан, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому менен бекитилген,

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын

кесепетинен жабырланган адамдарга жеке турак үйлөрүн курууга,

реконструкциялоого мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн

мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнун

тартиби жөнүндө жобого ылайык узак мөөнөттүү жењилдетилген ссуда

алышпаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана

курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлиги менен бирдикте 1994-жылдан тартып 1996-

жылдын 25-декабрына чейинки мезгилде табигый кырсыктардан, ошондой

эле 2007-жылы болгон сел ташкындарынан жабыр тарткан турак

үйлөрдүн бузулуу дењгээлин 2007-жылдын 1-сентябрына чейинки

мөөнөттө аныктасын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Капиталдык

салымдар" статьясы боюнча 2007-жылга республикалык бюджетте

каралган каражаттардын чектеринде жабыр тарткан турак үйлөрдү

текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура

жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке 2,66 млн. сом бөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
