# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы №223-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы №223-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4128/edition/298944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы №223-б буйругу (20.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18857

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июлу № 223-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-

руу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б

буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө тиркелген

жобо бекитилсин";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери бо-

юнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-

луктоолор киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду

укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын мамлекеттер аралык чегаралык

маселелерди укуктук жөнгө салуу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмү" деген сөз-

дөргө алмаштырылсын;

- 5-пунктунда:

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси ми-

нистри", "Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистри", "Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри",

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегаралык аскер-

леринин командачысы (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр тиешесине жараша

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр", "Кыргыз

Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри", "Кыргыз Рес-

публикасынын финансы министри", "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызма-

тынын төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы," деген сөз-

дөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук ко-

митетинин төрагасы," деген сөздөр менен толукталсын;

Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри комиссиянын курамына

башка адамдарды киргизүүгө укуктуу.".

Премьер-министр А.Атамбаев
