# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №212-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №212-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4120/edition/298932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы №212-б буйругу (11.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18849

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 11-июлу № 212-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

Премьер-министр А.Атамбаев

Долбоор

Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы

МАКУЛДАШУУ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,

эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана чыњдоого

умтулуп, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда

түбөлүк достук жөнүндө 1997-жылдын 8-апрелиндеги келишимдин жана Кыргыз

Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык ма-

милелер жөнүндө 2003-жылдын 25-декабрындагы келишимдин жоболоруна не-

гизденип,

экономикалык кызматташтыктын, рынок мамилелерин өнүктүрүүнү сти-

мулдоонун, жањы өндүрүштөрдү түзүүнүн, рынокту товарлар жана кызмат

көрсөтүүлөр менен толтуруунун, ишкердикти өнүктүрүүнүн маанилүү экенди-

гин түшүнүп,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-статья.

Тараптар 120 млн. АКШ доллары өлчөмүндө капиталы менен Кыргыз Рес-

публикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыр-

гыз-Казакстан инвестициялык фондун (мындан ары - Фонд) уюштурууга ниет-

тенет. Алардан 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү сумма Казакстан Тарап-

тан, ал эми 20 млн. АКШ доллары - кыргыз Тараптан кошулат.

2-статья.

Фонддун негизги максаты Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвес-

тициялык долбоорлорду каржылоо жана ишкердикти колдоо болуп саналат.

Фонддун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- жогорку экономикалык натыйжалуулукка багытталган инвестирлөөнү

камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин орто мөөнөттүү

жана узак мөөнөттүү негизде Фонддун инвестициялык каражаттарына жетишин

камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн

ыњгайлуу шарттарды түзүү.

3-статья.

Бул Макулдашуунун 1-статьясын ишке ашыруу максатында Тараптар өз-

дөрүнүн ведомстволук уюмдарын аныкташат жана аларга Фонддун уюштуруучу-

су катары чыгууга ыйгарым укук беришет.

Фондду түзүү, Фондду башкаруу органдарын түзүү шарттары жана Фонд-

дун иш-аракетин уюштурууга байланыштуу башка маселелер Тараптардын уюш-

туруу макулдашуусунда жана Фонддун уставында аныкталат.

4-статья.

Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаарында 2007-жылдын "\_\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки түп нускада

орус тилинде түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын

Премьер-министри Премьер-министри

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

А.Атамбаев К.Масимов
