Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 7-июлу № 207-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасынын эл аралык ведомстволор аралык келишимдерин
түзүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы
№ 474 токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2007-2008-жылдарга
кызматташтык программасынын тиркелген долбооруна принциптүү эмес
мүнөздөгү мүмкүн болуучу оњдоолорду жана толуктоолорду эске алуу менен
макулдук берилсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен
Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
ортосундагы 2007-2008-жылдарга
КЫЗМАТТАШТЫК ПРОГРАММАСЫ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-
тер министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык
жөнүндө 1992-жылдын 14-майындагы протоколдун жоболорун жетекчиликке
алып,
2007 жана 2008-жылдары төмөнкү иш-чараларды ишке ашырат:
I. Эки тараптуу мамилелердин келишим-укуктук базасын түзүү
1. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ор-
тосундагы эл аралык келишимдердин долбоорлорунун даярдалышы, эл аралык
келишимдердин күчүнө кириши жана ишке ашырылышы үчүн керектүү болгон
мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылышы, ошондой эле, керек болгон
учурда, эки өлкөнүн катышуусу менен башка эл аралык укуктук документ-
тердин даярдалышы жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө дайыма маалымат ал-
машып турушат.
2. Тараптар кызматташтыктын келишим-укуктук базасын андан ары өр-
күндөтүү жана чыњдоо боюнча аракеттерди көрөт жана мурунку эки тараптуу
келишимдер менен макулдашууларды натыйжалуу ишке ашырууга аракеттени-
шет.
II. Эки тараптуу консультациялар
Тараптар төмөнкүлөрдү өткөрөт:
1. Кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелери жана эл аралык
тематика боюнча (кошумча макулдашуу боюнча) тышкы иштер министрлеринин
же алардын орун басарларынын дењгээлиндеги консультацияларды.
2. Структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана эксперттердин
дењгээлинде төмөнкүлөр боюнча тематикалык консультацияларды:
2007-жылга:
- консулдук жана миграциялык маселелер боюнча (Пекин шаары, II жа-
рым жылдык);
- эл аралык уюмдарга берилүүчү артыкчылыктар жана иммунитеттер бо-
юнча (Пекин шаары, II жарым жылдык);
- БУУда, ШКУда жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасы
менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселеле-
ри боюнча (Бишкек шаары, II жарым жылдык).
2008-жылга:
- эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын инвентари-
зациялоо боюнча (Пекин шаары, I жарым жылдык);
- БУУда, ШКУда жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасы
менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселеле-
ри боюнча (Бишкек шаары, I жарым жылдык;
- чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө (Биш-
кек шаары, II жарым жылдык);
- маалыматтык кызматтардын иштөө тажрыйбасы жөнүндө (Бишкек шаары,
II жарым жылдык);
- архивдик кызматташуу маселелери боюнча (Бишкек шаары, II жарым
жылдык).
3. Тараптардын макулдашуусу менен өз ара кызыкчылык туудурган баш-
ка маселелер боюнча да консультациялар жана жумушчу жолугушуулар өткө-
рүлүшү мүмкүн.
III. Кадрларды даярдоо
1. Тараптардын кадрлык кызматтары дипломатиялык кадрларды даярдоо
жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтыкты ма-
кулдашылган шарттарда улантышат.
2. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Кытай эл аралык мамиле-
лер университетинде бюджеттик негизде окуган Кыргыз Тарабынын студент-
теринин квотасын көбөйтүү жөнүндө маселени карайт.
3. Тараптар окутуучу кадрлардын тажрыйбаларын алмашуу, алардын
квалификациясын жогорулатуу, стажировкалардан өткөрүү боюнча кызматташ-
тыкты улантышат.
4. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Респуб-
ликасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин Дипломатиялык академиясында лекцияларды, семинарларды,
курстарды уюштурууга, ошондой эле кытайлык жана чет элдик илимий жана
окуу адабиятын берүү жагынан көмөктөшөт.
IV. Маалымат алмашуу
Тараптар маалымат алмашууну кењейтет жана бири-бирине жарыялануучу
басылмаларды жөнөтүп турушат.
Бул Программа кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2007-жылдын "_____" ____________ эки нускада, ар
бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер
бирдей юридикалык күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда негиз катары орус тилин-
деги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги үчүн Тышкы иштер министрлиги үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 10 августа 2000 года №474 "Об утверждении Положения о порядке заключения, исполнения и прекращения международных межведомственных договоров…Постановление · 10.08.2000 · № 474 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.