# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлундагы № 197-б "Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында" Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлундагы № 197-б "Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында" Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4111/edition/298922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлундагы № 197-б "Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында" Буйругу (02.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18840

---

Бишкек шаары Өкмөт үйү

2007-жылдын 2-июлу № 197-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ

Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты

өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу

кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун

ресурстары министрлиги Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик

органы менен макулдашуу боюнча электр энергетикасы жаатындагы

стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун

даярдасын.

2. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна Камбар-Ата ГЭС-1

жана 2ни куруу долбоору боюнча кызматташтыктын уюштуруу жана

финансылык формаларын аныктоо маселелеринде, алдын ала техникалык-

экономикалык негиздемени жана долбоордун алдын ала техникалык-

экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырманы иштеп

чыгуу бөлүгүндө кыргыз тараптын өкүлүнүн ыйгарым укугу берилсин.

3. «Электр станциялары» ачык акционердик коому Кыргыз

Республикасынын Жогорку-Нарын каскадынын генерациялоочу

кубаттуулуктарынын техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн даярдоо

жөнүндөгү россиянын «ЕЭС России » акционердик коому менен маселени

иштеп чыксын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын отун-энергетика

комплекси жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премье министр А. Атамбаев
