Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында» Буйругу
Бишкек шаары Өкмөт үйү
2007-жылдын 2-июлу № 197-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ
Россия Федерациясы менен электр энергетика жаатында кызматташтыкты
өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын генерациялоочу
кубаттуулуктарынын курулушуна инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министрлиги Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик
органы менен макулдашуу боюнча электр энергетикасы жаатындагы
стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун
даярдасын.
2. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна Камбар-Ата ГЭС-1
жана 2ни куруу долбоору боюнча кызматташтыктын уюштуруу жана
финансылык формаларын аныктоо маселелеринде, алдын ала техникалык-
экономикалык негиздемени жана долбоордун алдын ала техникалык-
экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга техникалык тапшырманы иштеп
чыгуу бөлүгүндө кыргыз тараптын өкүлүнүн ыйгарым укугу берилсин.
3. «Электр станциялары» ачык акционердик коому Кыргыз
Республикасынын Жогорку-Нарын каскадынын генерациялоочу
кубаттуулуктарынын техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн даярдоо
жөнүндөгү россиянын «ЕЭС России » акционердик коому менен маселени
иштеп чыксын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын отун-энергетика
комплекси жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премье министр А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24 июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик…Постановление · 24.06.2008 · № 329 · Күчүн жоготкон