# КР 2006-жылдын 7-июлундагы № 94 "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 7-июлундагы № 94 "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1808/edition/285130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 7-июлундагы № 94 "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы (07.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1884

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-июлу № 94

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын тышкы карызын

реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды

ратификациялоо жөнүндө

2006-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1884/st-1)

Төмөндөгүлөр ратификациялансын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 10-июнундагы карызды консолидациялоо

жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Респуб-

ликасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу;

КФВ банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 2002-жылдын

5-июнундагы Консолидациялык макулдашуу;

Дания Королдугунун Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы 2002-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын Дания Ко-

ролдугуна карызын консолидациялоо жөнүндө макулдашуу;

Түркиянын Экпорттук-Кредиттик банкы менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкы тарабынан Париж Клубунун 2002-жылдын 7-мартындагы Кыргыз

Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө протоколун аткаруу мак-

саты менен берилген Реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу;

Япониянын Эларалык Кызматташуу Банкы менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 1-майындагы KYR-Р1, КYR-Р2, КҮR-РЗ,

КҮR-С1, КҮR-С2, КҮR-С3 кредиттик макулдашууларга өзгөртүүлөр киргизүү

жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кореянын Экспорттук-Импорттук

Банкынын ортосундагы 2003-жылдын 20-майындагы Телекоммуникациялык бай-

ланышты өнүктүрүү долбооруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын

Өзбекстан Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу

жөнүндө макулдашуу;

Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы менен Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигинин ортосундагы 2003-жылдын 11-июлундагы "Кагаз фаб-

рикасы" долбоору боюнча мамлекеттик жењилдетилген кредитке кошумча ма-

кулдашуу.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1884/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өзбекстан

Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу жөнүндө макулда-

шуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик

ички жолжоболорду аткаргандыгы тууралуу билдирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
