Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 7-июлу № 94
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын
реструктуралаштыруу боюнча макулдашууларды
ратификациялоо жөнүндө
2006-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Төмөндөгүлөр ратификациялансын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 10-июнундагы карызды консолидациялоо
жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Респуб-
ликасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу;
КФВ банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 2002-жылдын
5-июнундагы Консолидациялык макулдашуу;
Дания Королдугунун Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы 2002-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын Дания Ко-
ролдугуна карызын консолидациялоо жөнүндө макулдашуу;
Түркиянын Экпорттук-Кредиттик банкы менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы тарабынан Париж Клубунун 2002-жылдын 7-мартындагы Кыргыз
Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө протоколун аткаруу мак-
саты менен берилген Реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу;
Япониянын Эларалык Кызматташуу Банкы менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 1-майындагы KYR-Р1, КYR-Р2, КҮR-РЗ,
КҮR-С1, КҮR-С2, КҮR-С3 кредиттик макулдашууларга өзгөртүүлөр киргизүү
жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кореянын Экспорттук-Импорттук
Банкынын ортосундагы 2003-жылдын 20-майындагы Телекоммуникациялык бай-
ланышты өнүктүрүү долбооруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын
Өзбекстан Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу
жөнүндө макулдашуу;
Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы менен Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин ортосундагы 2003-жылдын 11-июлундагы "Кагаз фаб-
рикасы" долбоору боюнча мамлекеттик жењилдетилген кредитке кошумча ма-
кулдашуу.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өзбекстан
Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу жөнүндө макулда-
шуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарыл болгон мамлекеттик
ички жолжоболорду аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.