# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июну № 169-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июну № 169-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 169-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4102/edition/298912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июну № 169-б буйругу (13.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18830

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-июну № 169-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын Эмгек министрлигинин

ортосундагы Иштөөгө расмий тилде уруксаттарды берүү системасы боюнча

Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук бе-

рилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Аткаруу бийлик органдары жана алардын

структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат

көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтому менен бекитилген Аткаруу бий-

лик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик

акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине Меморандумдан келип чыккан

өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.

Вице-премьер-министри Нур уулу Досбол
