Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-июну № 169-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын Эмгек министрлигинин
ортосундагы Иштөөгө расмий тилде уруксаттарды берүү системасы боюнча
Корея Республикасына жумушчу күчтөрдү жиберүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү
тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук бе-
рилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Аткаруу бийлик органдары жана алардын
структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат
көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-августундагы N 596 токтому менен бекитилген Аткаруу бий-
лик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик
акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине Меморандумдан келип чыккан
өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
Вице-премьер-министри Нур уулу Досбол
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн…Постановление · 22.08.2006 · № 596 · Күчүн жоготкон