Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-июну № 154-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Созулган арбитраждык жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу, та-
лашты жайгаруу боюнча чара көрүү зарылдыгын эске алып, ошондой эле "Ло-
ренц" эл аралык юридикалык фирмасында мурда "Петробард Лимитед" компа-
ниясынын доосу боюнча арбитраждык териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн кызыкчылыгынын атынан чыккан юристтер бар болгондуктан:
1. "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасы Кыргыз Республикасында
да, анын чегинен тышта да "Петробард Лимитед" компаниясынын Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берген доо арызына байланышкан арбитраж-
дык жана соттук териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызык-
чылыктарын коргоо үчүн расмий өкүл болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча
юридикалык кызматтарды көрсөткөндүк үчүн ставкалар жана чыгымдар боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Лоренц" эл аралык юридикалык фир-
масынын ортосунда түзүлүүчү (юридикалык кызмат көрсөтүү жөнүндө) макул-
дашуунун долбоору жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун
2-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым
укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн кызматына акыны
түзүлгөн Макулдашууга ылайык бир булактан ыкмасы менен төлөсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү долбоорун даярдасын жа-
на аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кир-
гизсин.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 28.04.2007 · № 46