Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Газпром» ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылыш жөнүндө)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 2-майы № 106-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик ко-
омунун (Россия Федерациясы) ортосунда нефть-газ тармагындагы өз ара
пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик
коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Кыргыз Республикасынын
нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө
жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору
жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик мурда "Кыргызнефтегаз" ачык
акционердик коомуна "Көгарт" (Жалал-Абад) жана "Чыгыш Майлуусуу IV"
(Шаркыратма) нефть-газ келечектүү аянттарды геологиялык изилдөө үчүн
берилген лицензияларды "Газпром" ачык акционердик коомуна же анын туун-
ду ишканасына аныкталган тартипте кайрадан тариздесин.
3. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна "Көгарт" (Жалал-Абад)
жана "Чыгыш Майлуусуу IV" (Шаркыратма) нефть-газ келечектүү аянттардын
бардык геологиялык жана техникалык документтерин "Газпром" ачык акцио-
нердик коомуна (Россия Федерациясы) же анын туунду ишканасына өткөрүп
берүү сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын энергетикалык
комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром"
ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы)
ортосундагы Кыргыз Республикасынын нефть-газ
келечектүү аянттарында жер казынасына
геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн
жалпы принциптери жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
2007-жылдын
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(мындан ары - КР Өкмөтү) менен "Газпром" ачык акционердик коомунун
(мындан ары - "Газпром" ААК) ортосундагы ушул Макулдашуунун 1-тиркеме-
синде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянтта-
рында (мындан ары - Аянт) жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүп,
аныкталган углеводород кендерин кийин россия-кыргыз биргелешкен ишкана-
сында (мындан ары - Биргелешкен ишкана) иштетүүнүн жалпы принциптери
жөнүндө бул макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) 2003-жылдын 16-майын-
дагы Газ тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2006-жылдын
27-январындагы Биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө ниеттер тууралуу мемо-
рандумду ишке ашыруу максатында 2007-жылдын "___" _____________________
______________шаарында түзүлгөн.
(А) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республика-
сынын 1997-жылдын 2-июлундагы N 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы N 82 жана 2002-жылдын
4-февралындагы N 23 Мыйзамдарына ылайык киргизилген өзгөртүүлөрү жана
толуктоолору менен) ылайык жер казынасы Кыргызстандын жалпы улуттук
байлыгы жана жеке менчиги болуп эсептелерин;
(Б) Кыргыз Республикасынын аталган мыйзам актылары КР Өкмөтүнүн
(КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамле-
кеттик агенттик):
- Аянтта жер казынасын геологиялык изилдөөгө лицензияларды бере-
рин;
- Аянтта аныкталган углеводороддордун кендерин иштетүүгө жана ка-
зууга лицензияларды берерин;
(В) КР Өкмөтү Аянттын жер казынасында болушу мүмкүн болгон углево-
дороддордун ресурстары Кыргыз Республикасынын жана "Газпром" ААКнын
жалпы кызыкчылыгы үчүн нефть-газ өнөр жайында кабыл алынган эл аралык
практикага ылайык чалгындалышына жана эксплуатацияланышына каалоосун
билдирерин;
(Г) "Газпром" ААК издөө жана чалгындоо жумуштарын жүргүзүү жагында
жетиштүү тажрыйбага ээ жана керсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн жетиштүү
финансылык ресурстары бар экенин
көњүлгө алышып,
тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Тараптар Биргелешкен ишкананын иштеши үчүн негиз түзүү макса-
тында керектүү даярдоо иш-чараларын жүргүзүшөт жана анын жыйынтыгы бо-
юнча Аянттын жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүшөт. Бул максат-
та "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) ушул Макулдашуунун 1.3 жана
1.4-пункттарына ылайык чыгымдарды жумшоого ниеттенет.
1.2. Эгер Аянттан углеводороддордун коммерциялык запастары табыл-
баса:
(А) КР Өкмөтү "Газпром" ААКга (же анын туунду ишканасына) ушул Ма-
кулдашуунун 1.1-пунктунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Та-
раптар кошумча макулдашкан башка аянттарында даярдоо иштерин жүргүзүүгө
жана алардын жыйынтыгы менен жер казынасын геологиялык изилдөөгө
мүмкүндүк берет.
(Б) "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) Аянтта даярдоо иштерин
жүргүзүүгө жана геологиялык изилдөөгө байланыштуу тарткан чыгымдар угл-
ведороддордун коммерциялык запастары табылган башка аянттарда "Газпром"
ААК (же анын туунду ишканасы) углеводороддордун кендерин иштеткенде эс-
ке алынат (орду толтурулат). "Газпром" ААКнын тарткан чыгымдарын эсепке
алуунун (ордун толтуруунун) механизмин жана тартибин (анын ичинде про-
дукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун схемасын пайдалануу
мүмкүндүгүн) Тараптар өзүнчө макулдашууда макулдашат.
1.3. Газпром" ААКнын тапшыруусу боюнча "ВНИИГАЗ" ЖЧК КР Өкмөтү
ушул Макулдашуунун 4.1 (А) пунктунун 1-абзацына ылайык маалыматтарды
жана информация бергенден кийин техникалык-экономикалык баалоону жана
Аянтта геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн этаптуу программасын (мындан ары
- Программа) даярдайт. Программада ар бир Тараптын жүргүзүлгөн этаптын
натыйжасынын негизинде Программанын ар бир кийинки этабын ишке ашырууну
токтотуу жана жалпы эле Макулдашуудан чыгуу жөнүндө чечим кабыл алуу
мүмкүндүгү каралууга тийиш.
1.4. Программаны кароонун жыйынтыгында жана ал "Газпром" ААКнын
Газ өнөр жайынын кендерди иштетүү жана жер казынасын пайдалануу боюнча
комиссиясында жана башкаруу органдарында, ошондой эле Кыргыз Республи-
касынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарында жактырылгандан кийин Та-
раптар биринчи кезектеги участокторду, Аянтта жер казынасын геологиялык
изилдөөнүн көлөмдөрүн жана этаптарын, ошондой эле аларды жүргүзүүгө чы-
гымдардын негизделген көлөмдөрүн макулдашат.
1.5. "Газпром" ААК жана/же анын туунду ишканасы Программаны ишке
ашырууда алган жер казынасы жөнүндө маалыматтар лицензиялык макулдашуу-
ларда каралган мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүп бе-
рилет.
1.6. Эгер Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Аянтта углеводо-
роддордун запасы табылса, "ВНИИГАЗ" ЖЧК аларды иштетүүнүн техника-
лык-экономикалык баасын иштеп чыгат, анын негизинде Тараптар:
(А) 2006-жылдын 27-январындагы Биргелешкен ишкана түзүү боюнча ни-
еттер жөнүндө меморандумда;
(Б) ушул Макулдашуунун 6.4, 6.5 жана 6.6-пункттарында айтылган
шарттарда углеводороддордун аныкталган кендерин иштетүү үчүн Биргелеш-
кен ишкана түзүүнүн ылайыктуулугу жөнүндө чечим чыгарышат.
2. Башкаруучу комитет
2.1. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу жана аткарылы-
шын көзөмөлдөө максатында ага кол коюлгандан кийин 30 күндүн ичинде
башкаруучу комитетке (мындан ары - Башкаруучу комитет) экиден өкүл да-
йындашат, анын иши жөнүндө жобону иштеп чыгышат жана бекитишет.
2.2. Башкаруучу комитеттин чечимдери бир добуштан кабыл алынууга
тийиш.
2.3. Тараптар Башкаруучу комитеттин иштешине байланыштуу бардык
чыгымдарды, ошондой эле ушул Макулдашууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүү үчүн өздөрүнүн адистерин, консультанттарын жана эксперттерин
жиберүүгө чыгымдарды көтөрүшөт.
3. Ыйгарым укуктуу уюмдар
3.1. Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ага кол коюлгандан кийин
эки аптанын ичинде:
(А) "Газпром" ААК Программанын даярдалышын жана аткарылышын уюшту-
руу боюнча бардык иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмду аныктайт жа-
на КР Өкмөтүнө тийиштүү билдирүү жиберет;
(Б) КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында иштерди жүргүзүүчү ый-
гарым укуктуу уюмду аныктайт жана "Газпром" ААКга тийиштүү билдирүү жи-
берет.
4. Тараптардын милдеттенмелери
4.1. КР Өкмөтү өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат:
(А) ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде "Газп-
ром" ААКга (же анын туунду ишканасына) Аянтка байланыштуу бардык ке-
ректүү маалыматтарды жана информацияны, анын ичинде геологиялык жана
геофизикалык маалыматтарды, карталарды, моделдерди жана интерпретация-
нын жыйынтыктарын, ошондой эле коммерциялык, контракттык жана финансы-
лык информацияны берүүгө жана аны менен чектелбөөгө;
(Б) Программа жактырылган учурдан кийин эки апталык мөөнөттүн
ичинде ушул Макулдашуунун 1.4-пунктуна ылайык "Газпром" ААКга (же анын
туунду ишканасына) Аянттын жер казынасынын участокторун геологиялык
изилдөө жүргүзүү максатында пайдалануу укугуна лицензияны (мындан ары -
1-лицензия) аныкталган тартипте берүүгө;
(В) Аянтта углеводороддордун кени ачылган учурда Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Газпром" ААКга (же анын ту-
унду ишканасына) ошол кендерди иштетүүгө жана углеводороддорду казууга
лицензия берүүгө (мындан ары - 2-лицензия);
(Г) "Газпром" ААКнын өкүлдөрүнө (же анын туунду коомуна жана ыйга-
рым укуктуу уюмуна), консультанттарына жана подрядчыларына виза, урук-
саттарды, лицензияларды алууга, ошондой эле консультация, Программанын,
1-лицензиялардын жана 2-лицензиялардын шарттарын аткарууга байланыштуу
маалыматтарды жана башка материалдарды чогултуу үчүн Аянтка барууга
көмөк көрсөтүүгө;
(Д) - 1-лицензиялардын жана 2-лицензиялардын шарттарына ылайык жер
казыналарын пайдалануу үчүн жер бөлүп берүүнү тез арада тариздөө;
- товарларды, материалдарды, жабдууларды бажылык тариздөөгө, анын
ичинде убактылуу алып кирүү жана алып чыгуу режиминде тариздөөгө, ошон-
дой эле ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу бардык маа-
лыматтарды, үлгүлөрдү жана талаалык маалыматтарды экспорттоо үчүн ке-
ректүү уруксаттарды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте алууга көмөк көрсөтүүгө.
(Е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
"Газпром" ААКга (же анын туунду коомдоруна, ыйгарым укуктуу уюмуна жана
подрядчыларына) товарларды, материалдарды, жабдууларды, кызмат
көрсөтүүлөрдү импорттоодо, убактылуу алып кирүүдө (алып чыгууда), ошон-
дой эле ушул Макулдашуунун шарттарын аткарууга байланыштуу үлгүлөрдү
жана талаалык маалыматтарды экспорттоодо бажылык төлөмдөр боюнча жењил-
диктерди берүүнү камсыздоого.
4.2. "Газпром" ААК өзү (же анын туунду коому) 1-лицензияларды ал-
гандан кийин, ошондой эле КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун 4.1-пунктуна
ылайык милдеттенмелерди аткаргандан кийин Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына, Программага жана 1-лицензиялардын шарттарына ылайык Аянттагы
жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча жумуштарды аткарууга милдет-
тенме алат.
5. Өзгөчө шарттар
5.1. "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) 1-лицензиялардын
шарттарына ылайык Аянттын жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүп
жана ага байланыштуу бардык чыгымдарды көтөрө тургандыктан Тараптар
"Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) аталган жумуштар бүткөндөн ки-
йин 2-лицензияларды алууга өзгөчө укукка ээ болооруна макул болушту.
5.2. Тараптар ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү ичинде үчүнчү
Тараптар менен ушул Макулдашуунун предметине тиешелүү сүйлөшүүлөрдү
жүргүзбөстүгүн, келишимдерди же макулдашууларды түзбөстүгүн бири бирине
билдиришти жана гарантия беришет.
5.3. Тараптардын эч бири ушул Макулдашууга ылайык өз укуктарын же
укугунун кайсы бир бөлүгүн башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз
үчүнчү тарапка өткөрүп бере алышпайт.
6. Чыгымдар
6.1. Программаны даярдоо боюнча бардык чыгымдарды "Газпром" ААК
көтөрөт. Программаны ишке ашыруу боюнча бардык чыгымдарды "Газпром" ААК
жана/же анын 1-лицензияны алган туунду ишканасы көтөрөт.
6.2. Программаны даярдоодо "Газпром" ААКнын каражаттарынын эсеби-
нен алынган интеллектуалдык менчик объектилери жана бардык информация,
анын ичинде техникалык-экономикалык баалоо жана Программа "Газпром"
ААКнын менчиги болуп эсептелет.
6.3. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында "Газпром" ААКнын жа-
на/же анын туунду ишканасынын каражатынын эсебинен жаратылган менчик
объектилери (материалдык жана материалдык эмес активдер) "Газпром" ААК-
нын жана/же анын туунду ишканасынын менчиги болот.
6.4. Тараптар Аянтта аныкталган углеводород кендерин иштетүү ушул
Макулдашуунун 1.6 жана 6.5-пункттарынын шарттарын эске алуу менен үчүн
биргелешкен ишкана түзүшүп, мурда 4.1 (В) пунктка ылайык берилген 2-ли-
цензиялар ага таризделет.
6.5. КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун 6.2 жана 6.3-пункттарында
көрсөтүлгөн, жарандык укуктун жүгүртүүгө жарактуу менчик объектилери
болгон менчик объектилери Тараптар макулдашкан көз карандысыз баалоочу
жүргүзгөн акчалай баалоонун жыйынтыгы менен Биргелешкен ишкананын ус-
тавдык капиталына "Газпром" ААК жана/же анын туунду коомунун үлүшүнүн
бөлүгүн, бирок ушул Макулдашуунун 6.1-пунктуна ылайык "Газпром" ААК жа-
на/же анын туунду коому тарткан чыгымдардын өлчөмүнөн кем эмес төлөөнүн
эсебине киргизилерин гарантиялайт.
6.6. "Газпром" ААК Программаны ишке ашыруунун натыйжасында анык-
талган углеводороддордун кенин иштетүү үчүн керектүү, кыргыз Тараптын
Аянт боюнча мурда тарткан чыгымдарынын натыйжасында жаратылган, Тарап-
тар макулдашкан көз карандысыз баалоочу ырастаган акчалай наркы бар жа-
рандык укуктун жүгүртүүгө жарактуу объектилери Биргелешкен ишкананын
уставдык капиталындагы кыргыз Тараптын үлүшүнүн бөлүгүн төлөө үчүн кир-
гизилерин гарантиялайт.
6.7. КР Өкмөтү ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса,
же ушул Макулдашуудан бир тараптуу чыкса, же углеводороддордун геологи-
ялык запастары ачылып, бирок Тараптар ачылган кендерди иштетүүнүн шарт-
тары боюнча макулдашууга жетише алышпаса КР Өкмөтү "Газпром" ААКнын жа-
на/же анын туунду коомунун тарткан иш жүзүндөгү чыгымдарын 1 (бир) жыл-
дын ичинде компенсациялайт. "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы)
тарткан, Тараптар макулдашкан көз карандысыз аудитор ырастаган, алар иш
жүзүндө төлөнгөн атага карата КР Өкмөтү компенсациялоого тийиш болгон
чыгымдарды индекстөө механизмин Тараптар кошумча макулдашат.
7. Жашырындык
Ушул Макулдашууга ылайык алынган, чечмеленген, иштелип чыккан же
ачылган бардык маалыматтарга жана информацияга, жана Биргелешкен ишкана
түзүүгө байланыштуу бардык талкууларга карата Тараптар түзгөн жашырын-
дык жөнүндө макулдашууга ылайык жашырындык шарты колдонулат.
8. Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү
8.1. Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жана
Программаны даярдоо жана аткаруу мөөнөтүнүн ичинде жарактуу болот.
8.2. Макулдашуунун жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн
мурда токтотулушу мүмкүн:
(А) Тараптардын бир добуштан чечими боюнча; (Б) ушул Макулдашуунун
1.3-пунктуна ылайык.
9. Корутунду жоболор
9.1. Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуудан улам же ага байла-
ныштуу чыгуучу бардык талаштар достук маанайда, ак ниеттик жана өз ара
түшүнүшүү шартында сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен че-
чилүүгө тийиш.
9.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга ушул Ма-
кулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө макулдашуулар ме-
нен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9.3. Ушул Макулдашуунун бардык тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү
болуп эсептелет жана Макулдашууга барабар юридикалык күчкө ээ болот.
9.4. Бул Макулдашуу орус жана кыргыз тилдериндеги эки түп нускада
түзүлдү, мында Макулдашуунун орус тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө
ээ.
"Газпром" ААКнын атынан Кыргыз Республикасынын
А.Б.Миллер Өкмөтүнүн атынан
Башкарманын төрагасы А.Ш.Атамбаев
Премьер-министр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
"Газпром" ачык акционердик коомунун
ортосундагы Кыргыз Республикасынын
нефть-газ келечектүү аянттарында
жер казынасына геологиялык
изилдөө жүргүзүүнүн жалпы
принциптери жөнүндө
макулдашууга
1-тиркеме
2007-жылдын "___"_________
Кыргыз Республикасынын жер казынасын
геологиялык изилдөө үчүн нефть-газ
келечектүү аянттарынын
жайгашкан орду
| № | Аянттын аталышы | Географиялык координаты |
| 1 | Көгарт (Жалал-Абад) | |
| 2 | Чыгыш Майлуусуу IV (Шаркыратма) |
"Газпром" ААКнын атынан Кыргыз Республикасынын
А.Б.Миллер Өкмөтүнүн атынан
Башкарманын төрагасы А.Ш.Атамбаев
Премьер-министр
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрахЗакон · 21.07.1999 · № 82 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрахЗакон · 04.02.2002 · № 23 · Күчүн жоготкон