# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-б "Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасын түзүү жөнүндө" Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-б "Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасын түзүү жөнүндө" Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/187888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7371/edition/329134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/187888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-б "Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасын түзүү жөнүндө" Буйругу (27.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/187888

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-апрели № 157-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 7-апрелиндеги

№ 157-б Буйругунун редакциясында)

"Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасын

түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралын-

дагы N 61 токтомуна ылайык жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде

күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды турукташтыруу, өзгөчө кырдаал-

дардын алдын алуу жана жоюу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- мамлекеттик материалдык резервден төмөнкүдөй көлөмдөгү

күйүүчү-майлоочу материалдарды брондон чыгарсын: бензин - 5000 куб.м,

дизель отуну - 10000 куб м;

- бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге 2006-жылдын бекитилген бюд-

жетинин бөлүнгөн каражаттарынын эсебине,мамлекеттик резервге коюу үчүн

күйүүчү-майлоочу матери-алдар сатып алынган баалар боюнча сатсын.

- дизелдик отун айылдык товар өндүрүүчүлөргө бир литри 15 сомдон сатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

2006-жылдын республикалык бюджетинин кирешесинде жана чыгашасында иш

жүзүндө берилген күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмүнүн баасына туу-

ра келген сумманы эске алсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө, финансы башкармалы-

гына жана экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
