# 5-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби

- Документ: [Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1878)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2015 года № 110 "О взрывчатых материалах промышленного назначения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1802/edition/644303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1878/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө, 5-статья (21.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-5

---

1. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби жана коопсуздук чара-

лары өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте бекитилет.

2. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

а) мамлекеттик реестрге киргизилбеген жарылчу материалдарды, өнөр

жай багытында жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;

б) ушул Мыйзамдын 10-статьясында айтылган персоналы, жарылчу мате-

риалдарды сактоочу жайы (кампасы) жана жарылчу материалдарды ташуучу транспорт каражаттары жок юридикалык жана (же) жеке жактардын жарылчу материалдарды жүгүртүүгө катышуусуна;

в) жарылчу материалдарды жүгүртүү эрежелеринин талаптарына жооп

бербеген же пайдаланууга кабыл алынбаган объекттерде жарылчу материал- дарды сактоого;

г) кокусунан жарылууну, ууланууну, адамдардын организмине жана ай-

лана-чөйрөгө уулуу таасирдин мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоого ба- гытталган чаралар өткөрүлмөйүнчө жарылчу материалдарды колдонууга;

д) эсепке алынбаган жарылчу материалдарды иштетүүгө;

е) жарылчу материалдарды почта аркылуу жана кол жүгү катары багаж-

да же жүк ташуучу багажда жөнөтүүгө.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-6)
