5-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 21.05.2015 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2015 года № 110.
1. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби жана коопсуздук чара-
лары өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте бекитилет.
2. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) мамлекеттик реестрге киргизилбеген жарылчу материалдарды, өнөр
жай багытында жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
б) ушул Мыйзамдын 10-статьясында айтылган персоналы, жарылчу мате-
риалдарды сактоочу жайы (кампасы) жана жарылчу материалдарды ташуучу транспорт каражаттары жок юридикалык жана (же) жеке жактардын жарылчу материалдарды жүгүртүүгө катышуусуна;
в) жарылчу материалдарды жүгүртүү эрежелеринин талаптарына жооп
бербеген же пайдаланууга кабыл алынбаган объекттерде жарылчу материал- дарды сактоого;
г) кокусунан жарылууну, ууланууну, адамдардын организмине жана ай-
лана-чөйрөгө уулуу таасирдин мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоого ба- гытталган чаралар өткөрүлмөйүнчө жарылчу материалдарды колдонууга;
д) эсепке алынбаган жарылчу материалдарды иштетүүгө;
е) жарылчу материалдарды почта аркылуу жана кол жүгү катары багаж-
да же жүк ташуучу багажда жөнөтүүгө.
Берененин тексти 21.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1878/st-5" title="5-статья - Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>