# 12-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун

- Документ: [Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1878)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 мая 2015 года № 110 "О взрывчатых материалах промышленного назначения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111153)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1802/edition/644303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1878/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө, 12-статья (21.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-12

---

алуу жана сатып өткөрүү

1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун, анын

ичинде чет өлкөдө жасалгандарды да, алуу жана сатып өткөрүү укугуна иш- кердик менен алектенишкен төмөнкүдөй юридикалык жана (же) жеке жактар ээ болушат:

а) жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоо,

сактоо жана сатып өткөрүү менен алектенгендер;

б) өзүнүн муктаждыгы үчүн, ошондой эле тапшырык боюнча жардыруу

иштерин аткаруучулар;

в) жарылчу материалдарды илим-изилдөө жана көрсөтүп-үйрөтүүчү мак-

саттарда пайдалануучулар;

г) ок-дары жана пиротехникалык буюмдарды сатып алуучулар, сактоо-

чулар, сатып өткөрүүлүчүлөр же аларды пайдалануучулар.

2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун сатып

өткөрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) атайын үйрөтүлгөн жумушчусу жана башкаруучу персоналы, транс-

порту, жарылчу материалдарды туруктуу сактоочу жайы, сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун сертификатта- ры болууга;

б) сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин

приборлорунун эсебин жүргүзүүгө жана эсеп-кысап документтерин 10 жыл бою сактоого;

в) жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун кай-

тарылышын жана коопсуз сакталышын камсыз кылууга;

г) сатып алуучуга жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин при-

борлорунун ар бир партиясына сертификат берүүгө;

д) өзүнүн кампасында башка ээлик кылуучуларга тиешелүү болгон кор-

кунучтуу материалдардын сакталышына жол бербөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-13)
