12-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун
Күчүн жоготкон · 21.05.2015 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2015 года № 110.
алуу жана сатып өткөрүү
1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун, анын
ичинде чет өлкөдө жасалгандарды да, алуу жана сатып өткөрүү укугуна иш- кердик менен алектенишкен төмөнкүдөй юридикалык жана (же) жеке жактар ээ болушат:
а) жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоо,
сактоо жана сатып өткөрүү менен алектенгендер;
б) өзүнүн муктаждыгы үчүн, ошондой эле тапшырык боюнча жардыруу
иштерин аткаруучулар;
в) жарылчу материалдарды илим-изилдөө жана көрсөтүп-үйрөтүүчү мак-
саттарда пайдалануучулар;
г) ок-дары жана пиротехникалык буюмдарды сатып алуучулар, сактоо-
чулар, сатып өткөрүүлүчүлөр же аларды пайдалануучулар.
2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун сатып
өткөрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) атайын үйрөтүлгөн жумушчусу жана башкаруучу персоналы, транс-
порту, жарылчу материалдарды туруктуу сактоочу жайы, сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун сертификатта- ры болууга;
б) сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин
приборлорунун эсебин жүргүзүүгө жана эсеп-кысап документтерин 10 жыл бою сактоого;
в) жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун кай-
тарылышын жана коопсуз сакталышын камсыз кылууга;
г) сатып алуучуга жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин при-
борлорунун ар бир партиясына сертификат берүүгө;
д) өзүнүн кампасында башка ээлик кылуучуларга тиешелүү болгон кор-
кунучтуу материалдардын сакталышына жол бербөөгө тийиш.
Берененин тексти 21.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1878/st-12" title="12-статья - Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>