1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 21.05.2015 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 мая 2015 года № 110.
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ: өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар (мындан ары - жарылчу материалдар) - өнөр жай муктаждыгы үчүн колдонулуучу жарылчу заттар (анын ичинде ок-дары), жардыргыч каражаттар - жарылууга түрткү берүүчү каражаттар (түрткү бергичтер), ошондой эле пиротехникалык буюмдар; жарылчу материалдарды колдонуу (жүгүртүү) - жарылчу материалдарды, жардыруу иштеринде колдонулуучу приборлорду жана жабдууларды иштеп чы- гууну, сыноодон өткөрүүнү, жасоону, өлчөп ороону (тањгактоону), ташуу- ну, сактоону, колдонууну, пайдаланууну, эсебин жүргүзүүнү, алууну, жок кылууну (утилдештирүүнү), сатып өткөрүүнү, алып коюуну, техникалык экс- пертизадан өткөрүүнү, экспорттоону, импорттоону, реэкспорттоону (бир өлкөнүн товарын экинчи өлкөгө сатуу же өткөрүү), транзиттөөнү өзүнө камтыган иштер; жардыруу ишинде колдонулуучу приборлор - электр тогунун булагы болгон жана жарылуу түрмөгүндөгү электр каршылыгын өлчөй турган аппара- тура; жардыруу иши - юридикалык жана (же) жеке жактардын чарбакер субъ- екттердин кызыкчылыгы үчүн өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар- ды пайдаланууга байланышкан иши; жарылчу материалдарды жасоо - курам бөлүкчөлөрүндө химиялык заттар же химиялык заттардын механикалык аралашмалары колдонулган жарылчу зат- тарды, жардыруучу каражаттарды жана пиротехникалык буюмдарды жасоо; жарылчу материалдарды тањгактоо (өлчөп ороо) - жарылчу материал- дарды бузулуудан, булгануудан сактачу, сактоонун жана ташуунун регла- менттелген шарттарын, ошондой эле алардын эсебин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу каражаттар же каражаттардын комплекси; жарылчу материалдарды транспорттоо (ташуу) - жарылчу материалдарды опурталдуу жүктөрдү коопсуз ташуунун ченемдерине жана эрежелерине ыла- йык атайын ылайыкташтырылган транспорт каражаттары менен ташуу; жарылчу материалдарды сактоо - жардыруу иштерин жүргүзүүнүн кооп- суздук эрежелеринин талаптарына жооп берген сактоочу жерлерге, имарат- тарга жана курулмаларга жарылчу материалдарды жайгаштыруу; жарылчу материалдарды жок кылуу - жарылчу материалдарды жардыруу, өрттөө, сууга эритүү ж.б.у.с. жолдор менен жок кылуу; жарылчу материалдарды алып коюу - мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жарылчу материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу; жарылчу материалдардын жоголушу - жарылчу материалдардын уурдалы- шы, коромжуланышы, чачылышы же жоголушу.
Берененин тексти 21.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1878/st-1" title="1-статья - Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>