# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1802/edition/644303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" мыйзамы (21.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1878

---

КР 2015-жылдын 21-майындагы № 110 Мыйзамынын ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 22-майы № 88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө

2006-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

Ушул Мыйзам өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдарды жүгүр- түүнүн укуктук негизин аныктайт жана жарылуу энергиясын тынчтык максат- та гана пайдаланууга тийиштүү.

## I бөлүм

Жалпы жоболор

### [1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-1)

Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ: өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар (мындан ары - жарылчу материалдар) - өнөр жай муктаждыгы үчүн колдонулуучу жарылчу заттар (анын ичинде ок-дары), жардыргыч каражаттар - жарылууга түрткү берүүчү каражаттар (түрткү бергичтер), ошондой эле пиротехникалык буюмдар; жарылчу материалдарды колдонуу (жүгүртүү) - жарылчу материалдарды, жардыруу иштеринде колдонулуучу приборлорду жана жабдууларды иштеп чы- гууну, сыноодон өткөрүүнү, жасоону, өлчөп ороону (тањгактоону), ташуу- ну, сактоону, колдонууну, пайдаланууну, эсебин жүргүзүүнү, алууну, жок кылууну (утилдештирүүнү), сатып өткөрүүнү, алып коюуну, техникалык экс- пертизадан өткөрүүнү, экспорттоону, импорттоону, реэкспорттоону (бир өлкөнүн товарын экинчи өлкөгө сатуу же өткөрүү), транзиттөөнү өзүнө камтыган иштер; жардыруу ишинде колдонулуучу приборлор - электр тогунун булагы болгон жана жарылуу түрмөгүндөгү электр каршылыгын өлчөй турган аппара- тура; жардыруу иши - юридикалык жана (же) жеке жактардын чарбакер субъ- екттердин кызыкчылыгы үчүн өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар- ды пайдаланууга байланышкан иши; жарылчу материалдарды жасоо - курам бөлүкчөлөрүндө химиялык заттар же химиялык заттардын механикалык аралашмалары колдонулган жарылчу зат- тарды, жардыруучу каражаттарды жана пиротехникалык буюмдарды жасоо; жарылчу материалдарды тањгактоо (өлчөп ороо) - жарылчу материал- дарды бузулуудан, булгануудан сактачу, сактоонун жана ташуунун регла- менттелген шарттарын, ошондой эле алардын эсебин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу каражаттар же каражаттардын комплекси; жарылчу материалдарды транспорттоо (ташуу) - жарылчу материалдарды опурталдуу жүктөрдү коопсуз ташуунун ченемдерине жана эрежелерине ыла- йык атайын ылайыкташтырылган транспорт каражаттары менен ташуу; жарылчу материалдарды сактоо - жардыруу иштерин жүргүзүүнүн кооп- суздук эрежелеринин талаптарына жооп берген сактоочу жерлерге, имарат- тарга жана курулмаларга жарылчу материалдарды жайгаштыруу; жарылчу материалдарды жок кылуу - жарылчу материалдарды жардыруу, өрттөө, сууга эритүү ж.б.у.с. жолдор менен жок кылуу; жарылчу материалдарды алып коюу - мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жарылчу материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу; жарылчу материалдардын жоголушу - жарылчу материалдардын уурдалы- шы, коромжуланышы, чачылышы же жоголушу.

### [2-статья. Мыйзамдын максаттары жана аны колдонуу чөйрөсү](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-2)

1. Бул Мыйзамдын максаттары:

а) жарылуу энергиясын өнөр жай жана илим-изилдөө максаттарына пай-

даланууну камсыз кылуу;

б) жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан персоналдын, калктын, мүлктүн

жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

в) жарылчу материалдарды мыйзамга каршы максатта пайдаланууга жол

бербөө болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын күчү:

а) жарылчу материалдардын бардык түрлөрүнө;

б) менчигинин түрүнө карабастан, иши жарылчу материалдарды колдо-

нуу менен байланышкан бардык юридикалык жана (же) жеке жактарга (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынан башкаларга) жайылтылат.

### [3-статья. Жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүн укуктук жөнгө салуу](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-3)

Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу дагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. Эгерде белгиленген тартип боюнча күчүнө кирген Кыргыз Республика- сынын эларалык келишиминде ушул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер каралган болсо, анда эларалык келишимдеги эрежелер колдонулат.

### [4-статья. Жарылчу материалдардын мамлекеттик реестри](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-4)

1. Жарылчу материалдардын мамлекеттик реестри (мындан ары - ре-

естр) Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайына колдонууга уруксат берилген жарылчу материалдар жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.

2. Реестрди өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле-

кеттик орган жүргүзөт.

### [5-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-5)

1. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби жана коопсуздук чара-

лары өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте бекитилет.

2. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

а) мамлекеттик реестрге киргизилбеген жарылчу материалдарды, өнөр

жай багытында жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;

б) ушул Мыйзамдын 10-статьясында айтылган персоналы, жарылчу мате-

риалдарды сактоочу жайы (кампасы) жана жарылчу материалдарды ташуучу транспорт каражаттары жок юридикалык жана (же) жеке жактардын жарылчу материалдарды жүгүртүүгө катышуусуна;

в) жарылчу материалдарды жүгүртүү эрежелеринин талаптарына жооп

бербеген же пайдаланууга кабыл алынбаган объекттерде жарылчу материал- дарды сактоого;

г) кокусунан жарылууну, ууланууну, адамдардын организмине жана ай-

лана-чөйрөгө уулуу таасирдин мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоого ба- гытталган чаралар өткөрүлмөйүнчө жарылчу материалдарды колдонууга;

д) эсепке алынбаган жарылчу материалдарды иштетүүгө;

е) жарылчу материалдарды почта аркылуу жана кол жүгү катары багаж-

да же жүк ташуучу багажда жөнөтүүгө.

## II бөлүм

Жарылчу мартериалдарды жүгүртүүнү Мамлекеттик жөнгө салуу

### [6-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-6)

салуунун негиздери

Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөрдү караштырат:

а) жарылчу материалдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдерди жана

эрежелерди белгилөөнү;

б) жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна (жарылчу материалдарды пайда-

ланууга) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксаттарды берүүнү;

в) жарылчу материалдарды сатып алуу жана сактоо укугуна күбөлүк

берүүнү;

г) жарылчу материалдарды, жардыруу иши үчүн приборлорду жана жаб-

дууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стандартташтырууну жана сертификаттоону;

д) жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан персоналга

уруксат берүүнү регламентациялоону;

е) жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүнө мамлекеттик көзөмөл

жүргүзүүнү;

ж) жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүнө жана пайдаланылышына же-

текчилик кылуу боюнча адистердин даярдалышына мамлекеттик көзөмөлдү;

з) өнөр жайлык жарылчу заттарды жасаганда пайдаланылуучу курам

бөлүкчөлөргө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү.

### [7-статья. Жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүн лицензиялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-7)

Жарылчу материалдарды колдонууга байланышкан иштерди лицензиялоо "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

### [8-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишиндеги приборлорду](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-8)

стандартташтыруу жана сертификаттоо

1. Жарылчу материалдарды, жардыруу ишиндеги приборлорду жана жаб-

дууларды стандартташтыруу жана сертификаттоо төмөнкүдөй максаттар үчүн жүзөгө ашырылат:

- ички рынокту сапатсыз жана опурталдуу продукциялардан, анын

ичинде импортко келген продукциядан коргоо үчүн;

- продукциянын адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө коопсуз-

дугун контролдоо жана айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо үчүн.

2. Жарылчу материалдарды, жардыруу иши үчүн приборлорду жана жаб-

дууларды сертификаттоо милдеттүү болуп саналат.

### [9-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-9)

персонал

Жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө ички иштер органдары жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте тие- шелүү күбөлүк жана уруксат алган адамдарга жол берилет.

### [10-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-10)

Кыргыз Республикасынын аймагында, пиротехникалык буюмдардан башка, жарылчу материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республи- касынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор- ганы, ички иштер, коргоо жана улуттук коопсуздук органдары өз компетен- цияларынын чегинде жүзөгө ашырышат.

## III бөлүм

Жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштин укуктук жоболору

### [11-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-11)

приборлорун жасоо жана сыноо

1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоого

чарбалык иш үчүн керектелүүчү жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ый- гарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган сандын чегинде жол берилет.

2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоочу-

лар чыгарылган продукциянын мамлекеттик стандарттарга ылайык келишин, ошондой эле жарылчу материалдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республи- касынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жарылчу материалдардын ар бир партиясы сертификатталууга, ти-

йиштүү түрдө тањгакталууга жана өзүнүн номери болууга тийиш.

### [12-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-12)

алуу жана сатып өткөрүү

1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун, анын

ичинде чет өлкөдө жасалгандарды да, алуу жана сатып өткөрүү укугуна иш- кердик менен алектенишкен төмөнкүдөй юридикалык жана (же) жеке жактар ээ болушат:

а) жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоо,

сактоо жана сатып өткөрүү менен алектенгендер;

б) өзүнүн муктаждыгы үчүн, ошондой эле тапшырык боюнча жардыруу

иштерин аткаруучулар;

в) жарылчу материалдарды илим-изилдөө жана көрсөтүп-үйрөтүүчү мак-

саттарда пайдалануучулар;

г) ок-дары жана пиротехникалык буюмдарды сатып алуучулар, сактоо-

чулар, сатып өткөрүүлүчүлөр же аларды пайдалануучулар.

2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун сатып

өткөрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) атайын үйрөтүлгөн жумушчусу жана башкаруучу персоналы, транс-

порту, жарылчу материалдарды туруктуу сактоочу жайы, сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун сертификатта- ры болууга;

б) сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин

приборлорунун эсебин жүргүзүүгө жана эсеп-кысап документтерин 10 жыл бою сактоого;

в) жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун кай-

тарылышын жана коопсуз сакталышын камсыз кылууга;

г) сатып алуучуга жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин при-

борлорунун ар бир партиясына сертификат берүүгө;

д) өзүнүн кампасында башка ээлик кылуучуларга тиешелүү болгон кор-

кунучтуу материалдардын сакталышына жол бербөөгө тийиш.

### [13-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-13)

сактоо, пайдалануу, жок кылуу (утилдештирүү) жана алып коюу

1. Жарылчу материалдар жана жардыруу ишинин приборлору өнөр жай

коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бел- гиленген жардыруу иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык сакталууга ти- йиш.

2. Жарылчу материалдар сакталуучу жайлар (жарылчу материалдардын

жер астындагы кампаларынан башка) ок чыгаруучу курал менен куралданган күзөт менен кайтарылууга тийиш. Кайтаруунун түрү (ведомстволук, ведомс- тводон тышкаркы, же келишим боюнча) жарылчу материалдардын ээси тарабы- нан өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктуу орган жана Кыргыз Республи- касынын ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун эсе-

бин алуу алардын ээси тарабынан жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бир- диктүү эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун алып ко-

юу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

### [14-статья. Жарылчу материалдарды ташуу](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-14)

Жарылчу материалдарды ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

### [15-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-15)

экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө

1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун экспорт-

тоо, импорттоо, реэкспорттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Жарылчу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча

транзиттөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

### [16-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда болгон](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-16)

авариялар, кырсыктар жана жарылчу материалдар жоголгон учурлар

1. Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда болгон авариялар, кыр-

сыктар жана жарылчу материалдар жоголгон учурлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык жактан териштирилүүгө ти- йиш.

2. Жарылчу материалдардын ээси Кыргыз Республикасынын ченемдик

укуктук актыларынын талаптарынан четтөөнүн айынан (форс-мажордук жаг- дайдан тышкаркы) болгон аварияны жана анын кесепеттерин өзүнүн эсебинен жоюуга милдеттүү.

## IV бөлүм

Кыргыз Республикасынын жарылуу материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

### [17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-17)

Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

### [18-статья. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-18)

Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда келип чыккан талаш-тартыш- тар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

## V бөлүм

Корутунду жоболор

### [19-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү](https://aqlex.ai/kg/doc/1878/st-19)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн ки-

йин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул

Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
