# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4050/edition/298853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 64-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндө"буйругу (04.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18772

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 4-апрели № 64-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бажылык жол-жоболорду ыкчам жүргүзүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б

буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

- төмөндөгүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:

"3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын техникаларды

алууга жана бөлүштүрүүгө жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлиги аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республи-

касынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"

токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамага ыла-

йык, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү көрсөтүлгөн атайын

техникаларды атайын бажы режиминде тариздесин.

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз

Республикасынын бажы аймагына көрсөтүлгөн атайын техникаларды ташып

келүүнүн жана пайдалануунун программасын иштеп чыксын.

- 3-пункт 6-пункт деп эсептелсин.

Премьер-министри А.Атамбаев
