Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндө»буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 4-апрели № 64-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Бажылык жол-жоболорду ыкчам жүргүзүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б
буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөндөгүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:
"3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын техникаларды
алууга жана бөлүштүрүүгө жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республи-
касынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"
токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамага ыла-
йык, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү көрсөтүлгөн атайын
техникаларды атайын бажы режиминде тариздесин.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз
Республикасынын бажы аймагына көрсөтүлгөн атайын техникаларды ташып
келүүнүн жана пайдалануунун программасын иштеп чыксын.
- 3-пункт 6-пункт деп эсептелсин.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-бРаспоряжение · 06.07.2006 · № 381
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-бРаспоряжение · 06.07.2006 · № 381
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон