1-статья
Күчүндө · 13.05.2006 редакциясы
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеишнин Ведомосттору, 2002-ж., № 5, 203-ст.)
төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы түшүнүк менен толукталсын:
"Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Респуб-
ликасынын жараны болуп саналбаган жана:
- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган чет
өлкөлүк жарандардын;
- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган жа-
рандыгы жок адамдардын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде жүргөн чет
өлкөлүк жарандардын жана (же) жарандыгы жок адамдардын ичинен 1-стать-
яда каралган жагдайлар боюнча качкын ден табууну каалагандыгы жөнүндө
билдирген адам.".
2. 6-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жашай турган
жерин тандап алууга жана" деген сөздөр алынып салынсын.
3. 13-статья:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Качкын деп таанылган адам жана аны менен келген анын үй-бүлө
мүчөлөрү:
- жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын,
үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы туу-
ралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат ал-
гандыгы жөнүндө кабарлоого;
- Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыр-
гыз Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ни-
еттенгендиги жөнүндө кабарлоого;
- жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген
мөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө;
- турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгууга
жана жањы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде ыйга-
рым укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарым
укуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн
жањы турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болуп
саналат.";
төртүнчү бөлүк бешинчи бөлүк болуп эсептелсин.
Берененин тексти 13.05.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1877/st-1" title="1-статья - Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>