# КР 2006-жылдын 13-майындагы №87 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 13-майындагы №87 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1801/edition/285121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 13-майындагы №87 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (13.05.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1877

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-майы № 87

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү

тууралу

2006-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1877/st-1)

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеишнин Ведомосттору, 2002-ж., № 5, 203-ст.)

төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы түшүнүк менен толукталсын:

"Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Респуб-

ликасынын жараны болуп саналбаган жана:

- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган чет

өлкөлүк жарандардын;

- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган жа-

рандыгы жок адамдардын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде жүргөн чет

өлкөлүк жарандардын жана (же) жарандыгы жок адамдардын ичинен 1-стать-

яда каралган жагдайлар боюнча качкын ден табууну каалагандыгы жөнүндө

билдирген адам.".

2. 6-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жашай турган

жерин тандап алууга жана" деген сөздөр алынып салынсын.

3. 13-статья:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Качкын деп таанылган адам жана аны менен келген анын үй-бүлө

мүчөлөрү:

- жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын,

үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы туу-

ралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат ал-

гандыгы жөнүндө кабарлоого;

- Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыр-

гыз Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ни-

еттенгендиги жөнүндө кабарлоого;

- жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген

мөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө;

- турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгууга

жана жањы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде ыйга-

рым укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарым

укуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн

жањы турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болуп

саналат.";

төртүнчү бөлүк бешинчи бөлүк болуп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1877/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1877/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
