Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмөтінін «Коңшу мамлекеттин аймагын (анклавдарын) айланып өтіүчү Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөнді-Баткен автомобиль жолунун курулушун калыбына келтирүү жөніндө» буйругу
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 18-марты, № 44-р
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ
Коњшу мамлекеттин аймагын (анклавдарын) айланып өтіүчү Көк-Талаа-Пүлгөн-
Бүргөнді-Баткен автомобиль жолунун курулушун калыбына келтирүү, Баткен облусунун
калктуу конуштары менен республиканын башка региондорунун ортосундагы
үзгүлтіксүз жана тоскоолдуксуз транспорт катнашын камсыздоо максатында, ошондой
эле "Коњшу мамлекеттердин аймагын (анклавдарын) айланып өтүүчү Көк-Талаа-Пүлгөн-
Бүргөндү-Баткен автомобиль жолун куруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 24-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндү
участогун курууга максаттуу багыттоо менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигине 2007-жылга "капиталдык салымдар" статьясы боюнча
50,0 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлсүн;
- жыл сайын Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун курулушуна
республиканын бюджетинде долбоорго ылайык курулуш толук аяктаганга чейин 2008-
жылдан баштап 100,0 млн. сомдон карасын;
- каражаттарды бекем максаттуу багыты боюнча пайдаланууга контролдукту
камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- зарылчылыкка жараша курулуштун жүрүшү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү менен
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
"Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик долбоорлоо институту даярдаган долбоордук-
сметалык документтерге ылайык Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль
жолунун Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга киришсин;
- Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга Баткен, Ош жана Жалалабат облустарынын
аймактарындагы жол уюмдарын жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик
дирекциясын тартсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
"Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик долбоорлоо институту даярдаган долбоордук-
сметалык документтерге ылайык Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга даярдык көрүү
боюнча иштерди жүргүзсүн;
- Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндү
участогун куруу боюнча башкы подрядчынын функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик
орган болуп Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы аныкталсын;
- бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз
кылсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын отчет берип
турсун.
3. Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндү
участогун куруу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигине жол-курулуш иштерин, кызмат көрсөтүүлөрдү жана
товарларды бир булактан сатып алууну ишке ашырууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктан аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А. Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 24 апреля 2000 года №237 "О строительстве автомобильной дороги Кок-Талаа-Пульгон-Бурганды-Баткен в обход территории (анклавов) соседнего…Постановление · 24.04.2000 · № 237 · Күчүн жоготкон