# Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу 2007-жылдын 26-февралынын №26-р (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу максатында жонундо)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу 2007-жылдын 26-февралынын №26-р (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу максатында жонундо)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4036/edition/298838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу 2007-жылдын 26-февралынын №26-р (Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу максатында жонундо) (26.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18758

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 26-февралы №36-б

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарба

техникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуу

максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:

- айыл чарба техникаларынын көргөзмөгө коюлган зкспонаттарын

айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрсүн;

- айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарбалык техниканы берүүгө

кредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-

жылдын 4-августундагы № 563 «30 млн. юань суммасында Кытай Эл

Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба

техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө»

токтомунда белгиленген шарттарга ылайык аныкталган тартипте

тариздесин.

2. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы:

- айыл чарба техникаларынын тизмесин Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна

берсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюлган күнгө

карата эки өлкөнүн валюталарынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл

чарба техникаларын сатуу наркын аныктасын;

- ишкананын аталган техниканы сатып алууга жана башка ички

сарптоолорго байланыштуу чыгымдарын аныктасын жана бекитүүгө Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргызресурстары»

мамлекеттик ишканасынын айыл чарбалык техниканы сатып алууга

байланышкан чыгымдарынын ордун Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн

грантынын линиясы боюнча келген айыл чарбалык техниканы алуучулардын

баштапкы взносторунун каражаттарынын эсебинен толтурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр

жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр А. Исабеков
