# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы №31-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы №31-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4032/edition/298834/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы №31-б буйругу (19.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18754

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 19-февралы №31-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-

февралындагы № 132 «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы

күрөштүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-

аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз Республикасында

2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча

мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап

турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик

агенттиктин «Ысыккөл» биосфералык аймагынын башкы

дирекциясына видео көзөмөлү бар автоматтык шлагбаумдарын

атайын каражаттардын эсебинен белгиленген тартипте сатып

алууга жана «Ысыккөл» биосфералык аймагынын кире беришине

орнотууга уруксат берилсин.

2. Видео көзөмөлү бар автоматтык шлагбаумдарды сатып

алуу жана орнотуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-

энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана

жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой

чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Исабеков
