# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы №26-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы №26-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4031/edition/298832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы №26-б буйругу (24.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18753

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 24-ноябрындагы № 560 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-февралы №26-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумуш убактысын сарамжалдуу

пайдалануу жана таламдарын эсепке алуу максатында жана Кыргыз

Республикасынын Эмгек кодексинин 89, 90 жана 110-статьяларына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийүүчү аткаруу бийлик

органдарында 2007-жылдын 12-февралынан тартып жумуш графиги 8 саат 30

мүнөттөн 17 саат 30 мүнөткө чейин, эс алуу жана тамактануу үчүн

тыныгуу 12 саат 00 мүнөттөн 13 саат 00 мүнөткө чейин белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-августундагы №

389-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр А.Исабеков
