# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 740 "Чет өлкөлүк инвесторлор болгон "FINREP" жана "ITI" компаниялары менен Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун ортосундагы талаштарды МИГАнын ортомчулугу аркылуу жайгаруу боюнча макулдашууга Толуктоонун долбоору жактырылсын" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 740 "Чет өлкөлүк инвесторлор болгон "FINREP" жана "ITI" компаниялары менен Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун ортосундагы талаштарды МИГАнын ортомчулугу аркылуу жайгаруу боюнча макулдашууга Толуктоонун долбоору жактырылсын" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 740
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4014/edition/298812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 740 "Чет өлкөлүк инвесторлор болгон "FINREP" жана "ITI" компаниялары менен Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун ортосундагы талаштарды МИГАнын ортомчулугу аркылуу жайгаруу боюнча макулдашууга Толуктоонун долбоору жактырылсын" буйругу (06.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18736

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 14-мартындагы № 91-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-декабры № 740-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Көп тармактуу инвестициялык гарантиялык агенттиктин (мындан ары -

МИГА) чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргызстан тараптын ортосундагы та-

лаштарды жайгарууга байланыштуу сунушун эске алып:

1. Чет өлкөлүк инвесторлор болгон "FINREP" жана "ITI" компаниялары

менен Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-

никациялар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин жана "Манас"

эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун ортосундагы талаштарды

МИГАнын ортомчулугу аркылуу жайгаруу боюнча макулдашууга Толуктоонун

долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлигинин Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары Аба-

киров Алымбай Бөрүбаевичке жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акци-

онердик коомунун вице-президенти Сыдыков Бактыбек Үсөновичке (макулда-

шуу боюнча) Макулдашууга карата жогоруда көрсөтүлгөн Толуктоого кол ко-

юуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов

Долбоор

ЖАЙГАРУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА ТОЛУКТОО

"Манас" эл аралык аэропорту" (МЭА) ААКнын,

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлигинин Жарандык авиация департаментинин ("ЖАД"),

"FINREP" Handels Ges.m.b.H (FINREP) жана I.Т.I. S.р.А.

(ITI)нин ортосунда "Кыргыз Эйр" ЖчКга жана "Манас

менеджмент компаниясы" ("ММК") ЖТАКка карата

("Жайгаруу жөнүндө макулдашуу")

Тараптар MIGA менен талкуулагандан кийин Жайгаруу жөнүндө макулда-

шуунун айрым шарттарына карата өз ниеттерин тактоону каалашкандыгын эс-

ке алып,

Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1. Жайгаруу жөнүндө макулдашуунун Тараптары Жайгаруу жөнүндө ма-

кулдашууга Толуктоонун орус тилиндеги тексти туура жана толук экенине

жана ушул Жайгаруу жөнүндө макулдашуунун кол коюлган Толуктоосунун кө-

чүрмөсү MIGAга факс боюнча берилген учурдан баштап күчүнө киришине ма-

кул.

2. Жайгаруу жөнүндө макулдашуунун Тараптары Жайгаруу жөнүндө ма-

кулдашуунун 4.4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт MIGA Жайгаруу

жөнүндө макулдашууга Толуктоонун бардык Тараптар кол койгон көчүрмөсүн

факс боюнча алган күндөн тартып башталарын ырасташат.

3. Жайгаруу жөнүндө макулдашууга Толуктоонун 4.4-бөлүмүндө

көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн үч айлык мөөнөттү сактоо Жай-

гаруу жөнүндө макулдашуунун 3.1.1, 3.1.3, 3.2.1., З.2.2., 3.2.3.,

3.2.4-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөндөрдү Тараптардын сакташы үчүн милдеттүү

болот.

| FINREP Handels Ges.m.b.H | "Манас" эл аралык аэропорту" ААК |
| --- | --- |
|  |  |
| Кол коюлду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Кол коюлду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| Күнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Күнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
|  |  |
| I.Т.I. S.р.А. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Кыргыз Республикасынын Транспорт |
|  | жана коммуникациялар |
|  | министрлигинин Жарандык авиация |
|  | департаменти |
|  |  |
| Кол коюлду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Кол коюлду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| Күнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Күнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
