# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы №727-б(Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңешти бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы №727-б(Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңешти бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 727
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4012/edition/519897/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы №727-б(Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңешти бекитүү жөнүндө) буйругу (11.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18734

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ БУЙРУГУ 2006-жылдын 27-декабры № 727-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-октябрындагы № 396-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасындагы шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык: Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өнөр-жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

- "Шабдан-Багратиони" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Жумуш берүүчүлөр конфедерация союзунун аккредитация комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- "Вигенс" керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борборунун президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдар ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук лабораториясынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Метрология жана сыноо борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);

- "Независимая хлебная инспекция" ачык акционердик коомунун сертификация боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий-изилдөө курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунун директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы;

- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын сапат боюнча башкаруучусу (макулдашуу боюнча);

- "Эл аралык ишкер кеңеш" коомдук бирикмесинин адиси (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органынын өкүлү (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ф.Кулов
