6-статья
Күчүндө · 31.07.2007 редакциясы
2006-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө камсыздандыруу төгүмүнөн алынган кирешелердин чегинде жана башка булактардан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттарды өз убагында тиешелүү камсыздандыруу фондуна чегерүү үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы жана чогултулган каражаттарды бөлөк максаттарга пайдаланууга укуксуз экендиги белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессинде ушул Мыйзамда бекитилген Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдон ашык түшүүлөрдүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү каралсын. Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет, Пенсиялык фонддун жалпы чыгашаларынын чегинде чыгымдарды статьялардын ортосунда кайра бөлүштүрүү укугуна ээ экендиги белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашалары түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайыздан ашпаган өлчөмүндө түзүлө жана сарптала тургандыгы белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1873/st-6" title="6-статья - 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>