# 12-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1872)
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 4-апрелиндеги №82 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1796/edition/285113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1872/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө, 12-статья (05.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-12

---

Областтар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ушул Мыйзамдын 11-стать-

ясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салыктардын бардык түрлөрү боюнча

жана ички продукцияларга кошумча нарк салыгы боюнча 2006-жылдын биринчи

жана экинчи жарым жылдыгына пландаштырылган пландык көрсөткүчтөр ашыра

аткарылганда (өткөн жылдар үчүн калыптанган тындырылбаган салыктын пла-

нын эсепке алуу менен) ашыра аткарылган сумма ашыра аткарылган сумманын

65 пайызы өлчөмүндөгү норматив боюнча областтардын, Бишкек жана Ош ша-

арларынын жергиликтүү бюджеттерине чегерилет.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижара-

лык акысы боюнча пландык көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда алынган кара-

жаттар толук бойдон айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.

2006-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландык көрсөткүчтөр ашыра

аткарылганда жана алар жылдын натыйжалары боюнча аткарылбай калган

учурда биринчи жарым жылдыкта чегерилген каражаттар республикалык бюд-

жетке кийинки жылы алынып коюлат.

Салыктар боюнча ашыкча төлөөнүн эсебинен пландык көрсөткүчтөрдүн

ашыра аткарылган суммасы ашык түшкөн пландык көрсөткүчтөрдөн чыгарылып

салынат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-13)
