12-статья
Күчүндө · 05.04.2007 редакциясы
Областтар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ушул Мыйзамдын 11-стать-
ясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салыктардын бардык түрлөрү боюнча
жана ички продукцияларга кошумча нарк салыгы боюнча 2006-жылдын биринчи
жана экинчи жарым жылдыгына пландаштырылган пландык көрсөткүчтөр ашыра
аткарылганда (өткөн жылдар үчүн калыптанган тындырылбаган салыктын пла-
нын эсепке алуу менен) ашыра аткарылган сумма ашыра аткарылган сумманын
65 пайызы өлчөмүндөгү норматив боюнча областтардын, Бишкек жана Ош ша-
арларынын жергиликтүү бюджеттерине чегерилет.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижара-
лык акысы боюнча пландык көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда алынган кара-
жаттар толук бойдон айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.
2006-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландык көрсөткүчтөр ашыра
аткарылганда жана алар жылдын натыйжалары боюнча аткарылбай калган
учурда биринчи жарым жылдыкта чегерилген каражаттар республикалык бюд-
жетке кийинки жылы алынып коюлат.
Салыктар боюнча ашыкча төлөөнүн эсебинен пландык көрсөткүчтөрдүн
ашыра аткарылган суммасы ашык түшкөн пландык көрсөткүчтөрдөн чыгарылып
салынат.
Берененин тексти 05.04.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1872/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>