# КР 2006-жылдын 4-апрелиндеги №82 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 4-апрелиндеги №82 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1796/edition/285113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 4-апрелиндеги №82 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы (05.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1872

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 4-апрели №82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык

бюджети жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

2006-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-1)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети кирешелер

боюнча 21903948,2 мињ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 22268119,4

мињ сом суммасында бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинин дефици-

тинин чектелген өлчөмү 364171,2 мињ сом суммасында белгиленсин. Кыргыз

Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоонун жана казыналык

милдеттенмелерди кайра жазып-каттоонун эсебинен бошотулган каражаттар

республикалык бюджеттин тартыштыгын финансылоо булактары боюнча тартыш-

тыктар менен терс сальдону жабууга багытталсын.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-2)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинин киреше

бөлүгү № 1 жана 1-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн

эсебинен калыптандырылат.

2006-жылга жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өз ара

эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын суммасы

төмөндөгүдөй бекитилсин:

(мињ сом менен)

| Ысыккөл областы | 31721,2 |
| --- | --- |
| Чүй областы | 116835,5 |
| Бишкек ш. | 149697,4 |
| Бардыгы | 298254,1 |

Жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өз ара эсептешүүлөр

боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар чегерилбеген учурда республикалык

бюджеттен трансферттердин бардык түрүн финансылоо токтотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-3)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинен бюджет-

тик уюмдар жана мекемелер үчүн чыгашаларды финансылоого каражаттар №

2-тиркемеге ылайык белгиленген өлчөмдөрдө бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын жана мекемелеринин чы-

гашаларын финансылоого каражаттардын өлчөмдөрү бекем сакталууга жана

ушул Мыйзамда белгиленген иш-чаралардын жана программалардын чектеринде

багытталууга тийиш.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-4)

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү бюджети № 3 тиркемеге ылайык бе-

китилип, мында төмөндөгүлөрдүн эсебинен республикада жүзөгө ашырылып

жаткан капиталдык салымдарды финансылоо үчүн каражаттардын төмөндөгүдөй

өлчөмдөрү белгиленсин:

ички булактардан - 1100916,8 мињ сом;

тышкы булактардан - 4120077,6 мињ сом.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-5)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинин чыгаша-

ларын финансылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон статьялар боюнча

(эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, меди-

каменттер, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга

жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер

жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.

Бардык дењгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарына

2006-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын финансылоону биринчи

кезектеги тартипте корголгон статьялар боюнча жүзөгө ашыруу сунуш кы-

лынсын.

Чыгымдардын корголгон статъялары штаттык расписаниелердеги бош

орундарга, Өндүрүштүк кӨрсӨткүчтӨрдүн ӨзгӨрүшүнӨ жана мыйзамдар менен

ченемдик - укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы

мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-6)

2006-жылдын 1-январынан тартып республиканын саламаттык сактоо ме-

кемелерин күтүүгө кетүүчү бардык чыгашалар (Бишкек шаарынын жергиликтүү

бюджетинен финансылануучу медицина мекемелеринен башка) республикалык

бюджеттен финансыланат.

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-7)

Атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммалардан ашык

түшкөн бюджеттик мекемелердин кирешелери толугу менен алардын карама-

гында калат.

Бюджеттик уюмдардын уруксаттарды, лицензияларды берүүдөн жана мам-

лекеттик жана муниципалдык имараттар үчүн ижара акысынан түшкөн киреше-

лери толугу менен тиешелүү дењгээлдеги бюджеттин киреше бөлүгүнө чеге-

рилет. Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык база-

ларын мамлекеттик эмес (жеке менчик) уюмдарга берүүдөн алынган кирешеси

бюджетке алынбайт жана мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан

өздөрүнүн уставдык максаттары үчүн пайдаланылат.

Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыналык-

тын системасын аттап өтүп пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип

бузулган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы тиешелүү дењгээлдеги

бюджеттин кирешесине алынып коюлат.

Мектептерди кезектеги оњдоо жана окуу китептерин ижарага алуу үчүн

ата-энелерден акы алууга тыюу салынсын.

### [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-8)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып

келбесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясында бекитилген суммалардын чектеринде

ушул Мыйзамдын № 1, 1-1 жана 2-тиркемелерине өзгөртүү киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети менен областтардын,

Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттеринин өз ара эсептешүүлөрүнө тие-

шелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик актылардан, ошондой эле

өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө), баалардын

дењгээлдеринин өзгөртүүлөрүнөн, республикада болуп жаткан структуралык

өзгөртүүлөрдөн жана башка процесстерден келип чыгуучу тактоолорду кир-

гизүүгө;

республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн мамлекеттик кирешелердин

божомолдонгондон жогору түшүүлөрүнүн эсебинен көбөйтүүнү кароого укук-

туу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "кайтарылма финансылоо" схемасы бо-

юнча республикалык бюджетте өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү токтотсун.

Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-

рабынан бекитилет.

### [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-9)

Бардык дењгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жерги-

ликтүү бюджеттердин чыгашаларынын айрым топтору боюнча 2005-жылы финан-

сыланбай калган чыгашаларын 2006-жылга каралган каржылоолордун эсебинен

жана алардын чектеринде компенсацияласын. Мында эмгек акыга жана Соци-

алдык фондго чегерүүлөргө кеткен чыгашалар биринчи кезектеги тартипте

компенсацияланууга тийиш.

Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ат-

карылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында тындыруу үчүн

көзөмөлдүк жүргүзүлсүн.

### [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-10)

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү

кассалык накталай сумма 2007-жылдын 1-январына карата 50000,0 мињ сом

суммасында бекитилсин.

### [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-11)

2006-жылга областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү

бюджеттери үчүн пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн нормативдери: киреше

салыгынан, пайдадан алынуучу салыктан, милдеттүү патенттештирүүдөн

түшкөн кирешелерден, чакан ишкерликтин субъектилери үчүн бирдиктүү са-

лыктан, акциз салыгынан (ички продукцияга), пайыздык салыктардан, рези-

дент эместердин кирешелеринен алынуучу салыктардан жана камсыздандыруу

фондунан түшүүлөрдөн 35 пайыз өлчөмүндө бекитилсин.

### [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-12)

Областтар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ушул Мыйзамдын 11-стать-

ясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салыктардын бардык түрлөрү боюнча

жана ички продукцияларга кошумча нарк салыгы боюнча 2006-жылдын биринчи

жана экинчи жарым жылдыгына пландаштырылган пландык көрсөткүчтөр ашыра

аткарылганда (өткөн жылдар үчүн калыптанган тындырылбаган салыктын пла-

нын эсепке алуу менен) ашыра аткарылган сумма ашыра аткарылган сумманын

65 пайызы өлчөмүндөгү норматив боюнча областтардын, Бишкек жана Ош ша-

арларынын жергиликтүү бюджеттерине чегерилет.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижара-

лык акысы боюнча пландык көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда алынган кара-

жаттар толук бойдон айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.

2006-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландык көрсөткүчтөр ашыра

аткарылганда жана алар жылдын натыйжалары боюнча аткарылбай калган

учурда биринчи жарым жылдыкта чегерилген каражаттар республикалык бюд-

жетке кийинки жылы алынып коюлат.

Салыктар боюнча ашыкча төлөөнүн эсебинен пландык көрсөткүчтөрдүн

ашыра аткарылган суммасы ашык түшкөн пландык көрсөткүчтөрдөн чыгарылып

салынат.

### [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-13)

2006-жылга жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын респуб-

ликалык бюджетинен билим берүү чөйрөсү үчүн категориялык гранттардын

өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:

(мињ сом менен)

| Ош областы | 501481,5 |
| --- | --- |
| Ош шаары | 89854,2 |
| Жалалабат областы | 468947,9 |
| Ысыккөл областы | 202571,6 |
| Нарын областы | 207682,7 |
| Талас областы | 120456,9 |
| Чүй областы | 326829,9 |
| Баткен областы | 216259,7 |
| Бардыгы | 2134084,4 |

Категориялык гранттар орто жана баштапкы билим берүү чөйрөсүндөгү

чыгашалардын артыкчылык берилген багыттарын финансылоого багытталып,

ушунун өзү менен аталган сектор боюнча чыгашалардын минималдуу дењгээ-

лин жабат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-14)

2006-жылга жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын респуб-

ликалык бюджетинен кирешелерди тењештирүү үчүн гранттардын өлчөмдөрү

төмөндөгүдөй бекитилсин:

(мињ сом менен)

| Ош областы | 137573,8 |
| --- | --- |
| Жалалабат областы | 23702,7 |
| Нарын областы | 51063,7 |
| Талас областы | 7049,9 |
| Баткен областы | 27696,6 |
| Бардыгы | 247086,1 |

Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бөлүнүүчү тењеш-

тирүү гранттарынын суммасын ушул Мыйзамдын ушул статьясында аныкталган

өлчөмдөрдө биринчи кезектеги тартипте "эмгек акы" жана "Кыргыз Респуб-

ликасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр" боюнча статьялардагы чыгашалар-

ды жабууга багыттоо сунуш кылынсын.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-апрелиндеги № 42

Мыйзамынын редакциясында)

### [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-15)

Бюджеттик мекемелер жана чарба жүргүзүүчү субъектилер, бардык

дењгээлдеги мамлекеттик администрациялар тарабынан максатка ылайыксыз

пайдаланган бюджеттик каражаттар тиешелүү бюджеттерге төлөнүп берилүүгө

жатат. Кайтарылуучу негизде берилүүчү бюджеттик каражаттарды өз убагын-

да кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөөнүн

мөөнөтүнүн өтүп кетиши:

- мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн бардык формаларын кыскартууга же

токтотууга;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонулуп жаткан эсеп-

тик ставкасынын эки эселенген өлчөмүндө айып акы салууга негиз болот.

Ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга,

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна берилген

бюджеттик ссудаларды, кредиттерди кайтаруу, ошондой эле ушул каражат-

тарды пайдалануу үчүн акы төлөө бюджеттик төлөмдөргө тењештирилет жана

биринчи кезектеги тартипте жүзөгө ашырылат.

### [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-16)

Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун бекитилбей ка-

лышы Өкмөттүн толук курамда отставкага кетишине алып келет.

### [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1872/st-17)

"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2006-жылдын 1-январынан тартып колдонуу-

га киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
