# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-декабрындагы № 662 "Аэропорттордо баңгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөндөгүдөй курамы түзүлүшү жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-декабрындагы № 662 "Аэропорттордо баңгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөндөгүдөй курамы түзүлүшү жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 662
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3994/edition/298789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-декабрындагы № 662 "Аэропорттордо баңгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөндөгүдөй курамы түзүлүшү жөнүндө"буйругу (01.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18715

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-декабры N 662-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын бањги каражаттарды

жана психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүсүндө

потенциалын чыњдоо, ошондой эле Европа бирлигинин жана Борбордук Азияда

бањгизаттарды болтурбоо боюнча ПРООНдун программасынын "Аэропорттордо

бањгизаттарды контролдоо" долбоорун (САDАР) майнаптуу ишке ашыруу мак-

сатында:

1. "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашыруу

боюнча Байкоочу кењеш (мындан ары - Байкоочу кењеш) төмөндөгүдөй курам-

да түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы

(макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы (макулдашуу

боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясынын директору;

- Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттигинин дирек-

тору (макулдашуу боюнча);

- "Манас" эл аралык аэропорту" акционердик коомунун президенти

(макулдашуу боюнча).

2. Байкоочу Кењеш:

- бир айлык мөөнөттө "Манас" эл аралык аэропортунда ушул буйруктун

1-пунктунда саналган уюмдардын өкүлдөрү курамына кирген бањгизаттарга

каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык бөлүмчө түзсүн;

- Байкоочу кењеш жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын.

3. "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоору Европа бирли-

ги тарабынан БУУнун бањгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы

аркылуу каржыланаары белгиленсин.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, менчигинин түрүнө карабай Кыргыз Республикасынын ишканалары жа-

на уюмдары "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашы-

рууда Байкоочу кењешке көмөк көрсөтүшсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн.

Премьер-министри Ф.Кулов
