Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Аэропорттордо баңгизаттарды контролдоо» долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөндөгүдөй курамы түзүлүшү жөнүндө»буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-декабры N 662-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын бањги каражаттарды
жана психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүсүндө
потенциалын чыњдоо, ошондой эле Европа бирлигинин жана Борбордук Азияда
бањгизаттарды болтурбоо боюнча ПРООНдун программасынын "Аэропорттордо
бањгизаттарды контролдоо" долбоорун (САDАР) майнаптуу ишке ашыруу мак-
сатында:
1. "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашыруу
боюнча Байкоочу кењеш (мындан ары - Байкоочу кењеш) төмөндөгүдөй курам-
да түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы (макулдашуу
боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-
пекциясынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттигинин дирек-
тору (макулдашуу боюнча);
- "Манас" эл аралык аэропорту" акционердик коомунун президенти
(макулдашуу боюнча).
2. Байкоочу Кењеш:
- бир айлык мөөнөттө "Манас" эл аралык аэропортунда ушул буйруктун
1-пунктунда саналган уюмдардын өкүлдөрү курамына кирген бањгизаттарга
каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык бөлүмчө түзсүн;
- Байкоочу кењеш жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын.
3. "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоору Европа бирли-
ги тарабынан БУУнун бањгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
аркылуу каржыланаары белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, менчигинин түрүнө карабай Кыргыз Республикасынын ишканалары жа-
на уюмдары "Аэропорттордо бањгизаттарды контролдоо" долбоорун ишке ашы-
рууда Байкоочу кењешке көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы № 530 "Аэропорттордо баңгизаттарын контролдоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 02.11.2007 · № 530 · Күчүн жоготкон