# Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2006-жылдын 28-ноябрындагы №654-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2006-жылдын 28-ноябрындагы №654-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 654-р
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3991/edition/531449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2006-жылдын 28-ноябрындагы №654-б буйругу (28.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18711

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 431-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 28-ноябры № 654-б Кыргыз Республикасында Ага Хандын өнүктүрүү тармагынын ("АКДН") ишмердигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүү максатында жана Бишкек шаарында 2001-жылдын 25-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Исмаилиттер имаматынын ортосунда өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 3-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыштар, коомдук бирикмелер жана диний уюмдар боюнча комитетинин төрагасы Самаков Карганбек Садыкович Ага Хандын өнүктүрүү тармагы ("АКДН") менен байланыш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 710-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ф.Кулов
