# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 635 "Иммаратты өткөзүп берүү жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 635 "Иммаратты өткөзүп берүү жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 635
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3983/edition/298775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 635 "Иммаратты өткөзүп берүү жөнүндө"буйругу (16.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18703

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 16-ноябры № 635-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик администрациялык

имараттарды пайдалануу жөнүндө" 2006-жылдын 3-январындагы № 1 Жарлыгын

аткаруу, администрациялык имараттардын мамлекеттик фондун натыйжалуу

иштетүү жана тартипке келтирүү максатында:

1. Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык "Энергия" борбору

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 (Тыныстанов көчөсүнө катарлаш) даре-

гинде жайгашкан К-2 лабораториялык корпусту жанаша аймагы жана чарбалык

курулуштары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы-

нын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу -

өткөрүп берүүнү ишке ашырсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты оперативдүү баш-

каруу укуктарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы-

на бекитип берсин;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан

администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрге өзгөр-

түү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы имараттар-

дын толук иштешин камсыздоо максатында көрсөтүлгөн имараттын 1, 2 жана

3-кабаттарын Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык "Энергия" бор-

боруна акысыз пайдалануу укугунда бекитип берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-декабрындагы №

851-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министри Ф.Кулов
