Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуусун бекитүү тууралу) буйругу
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 8-ноябры №620-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы билим беріі
жаатында кызматташууну јніктіріі максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун
тиркелген долбоору жактырылсын,
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрине
принциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул макулдашуунун долборуна кол коюга
ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим тармагында
кызматташуу жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Беларусь Республикасынын Өкмөту,
- Кјз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 1992-
жылдын 15-майындагы билим берүү тармагында кызматташуу жјнүндө келишимин
жетекчиликке алып,
- билим берүү жана илим тармагында кызматташууну жана тењ укуктуулукту
өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуп,
- эки мамлекеттин билим берүү жана илим тармагында ар тараптуу кызматташууга
даяр экендигин сезип төмөндөгүлөр жјнүндө макулдашты:
1-статья
Тараптар билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди
өнүктүрүүнү колдоо менен төмөнкүлөргө колдоо көрсјтөт:
а) билим берүү чөйрөсү менен байланышкан мекемелердин жана уюмдардын
ортосундагы түздөн-түз кызматташуусуна, байланышына жана алмашуусуна, ошондой
эле эки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин ортосундагы түздөн-түз
кызматташуусуна, байланышына жана алмашуусуна;
б) экинчи Тараптын өлкөсүнүн тилин жана адабиятын үйрөнүүгј;
в) окутуу методикаларын, окуу материалдарын жана программаларын биргелешип
иштеп чыгууга, ошондой эле иштелип чыккан окутуу методикаларын, окуу
материалдарын жана программаларын алмашууга;
г) студенттерге, аспиранттарга, жана стажерлорго өзара негизде стипендия
чектеп берүүгј;
д) илимий даражалар жана наамдардын, билим берүү жөнүндө документтердин
эквиваленттүүлүк маселелери боюнча атайын макулдашуу түзүүгө.
2-статья
Тараптар илим жана технология тармагында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди
јнүктүрүү максатында төмөнкүлјргө көмјк көрсөтөт:
а) түздөн-түз келишимдин негизинде фундаменталдуу жана колдонмо илимдер
тармагындагы айрым окумуштуулардын жана илимий уюмдардын, жамааттардын
ортосундагы түздөн-түз кызматташууга;
б) илимий кызматкерлерди, окумуштууларды өз ара жиберишүүгө;
в) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жана документерди алмашууга;
г) илимий симпозиумдарды, семинарларды, конференция жана кењешмелерди
биргелешип өткөрүігө;
д) илимий көргөзмөлөрдү жана демонстрацияларды биргелешип өткөрүүгө;
е) илимий адабияттарды, мезгилдүү жана башка басылмаларды алмашып турууга;
ж) илимий кызматташуунун башка өз ара макулдашылган формаларына.
3-статья
2001-жылдын 28-сентябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз
Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерде жогорку окуу жайларын түзүү
жана филиалдарынын иштөө тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардын
мамлекеттеринин аймагында жогорку окуу жайларынын филиалдарын түзүүгө жана
иштөөсүнө Тараптар жалпы билим берүү мейкиндигин бекемдөө жана кызматташууну
андан ары тереѕдетіү максатында көмөк көрсөтүшөт.
4-статья
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан билим берүү
системаларындагы реформаларды эске алуу менен билим берүү тармагындагы окуу,
илимий, методикалык адабияттар, монографиялык изилдөөлөрдү алмашууга ар тараптуу
көмөк көрсөтүшөт.
5-статья
Тараптар билим берүү тармагында адистерди даярдоо жана квалификациясын
жогорулатуу боюнча кызматташууну төмөндөгүдөй формада жүргүзөт:
- билим берүү тармагында өнүктүрүү жана пландоонун, уюштуруу жана
башкаруунун маанилүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу;
- илим жана техника тармагында кызматташууну бекемдөө, илимий изилдөөлөрдүн
натыйжалуулугун арттыруу;
- студенттер, аспиранттар, докторанттар, окутуучулар, окумуштуулар жана
башка адистерди жиберишүү;
- түздөн-түз келишимдердин негизинде Тараптардын мамлекеттеринин окуу
жайларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды жана кызматташууну түзүү.
6-статья
Тараптар өз ара негизде жиберишүүнүн бюджеттик формасы боюнча кадрларды
даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун бардык дењгээлине
кабыл алууга төмөнкүдөй ар жылдын контролдук цифраны белгилешет:
- адистерди даярдоо — 10 орунга чейин;
- стажировка, аспирантура, докторантура — 5 орунга чейин;
- квалификацияны жогорулатуу - 2 орунга чейин. Адистиктердин багыттарынын,
жогорку окуу жайларынын тизмеси жана Тараптардын мамлекеттеринин жогорку окуу
жайларын кабыл алууну уюштуруу маселелери жыл сайын тиешелүү министрликтер
тарабынан макулдашылат.
7-статья
Кабыл алуучу Тарап жјнөтүүчү Тараптын мамлекетинин ушул Макулдашуунун 6-
статьясынын алкагында окууга кабыл алынган жарандарына кабыл алуучу Тараптын
мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык стипендия төлөөнү жана медициналык
тейлөјнү камсыз кылат, өздөрүнүн мамлекетинин жарандарынадай эле шарттарда
жатаканада жашоого, окуу аудиторияларын, китепканалардан, лабораториялардан ж.
б., ошондой эле жогорку окуу жайлардын спорттук ден-соолук чыњдоочу жайларынан
пайдаланууга укук берет.
8-статья
Жөнөтүүчү Тарап ушул Макулдашуунун 6-статьясына ылайык жогорку окуу
жайларына кабыл алынган өз мамлекетинин жарандарынын жол киресин төлөйт, ага
окуган жерге чейин барып келүүсү, каникулга барып келүүсү жана мөөнөтүнөн мурда
окуудан чыгарылган учурлар да кирет.
9-статья
Тараптар өзүнүн окуу жайларында контрактык негизде билим алууга экинчи
Тараптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын чектебейт. Абитуриенттердин
тапшыруусу жана ЖОЖго кабыл алынгандардын окуу шарттары кабыл алуучу Тараптын
эрежелери, ошондой эле 1996-жылдын 29-мартындагы Экономикалык жана гуманитардык
тармактардагы интеграцияны терењдетүү жөнүндөгү келишимге катышкан
мамлекеттердин жарандарына окуу жайларга тапшырууда бирдей укук берүү жөнүндөгү
келишимге ылайык жүргүзүлөт.
10-статья
Тараптар ЖОЖдор арасындагы сырттан (аралыктан) окуу, билим берүү процессинде
компьютердик каражаттарды, мультимедиа, телекоммуникация каражаттарын колдонуу
боюнча кызматташууну, ошондой эле маалыматтык кызматташууну өнүктүрүүнү колдойт,
ага окуу жана методикалык адабияттар менен камсыз кылуу, билим берүү мекемелерин
аттестациялоо жана аккредитациялоо маселелеринде тиешелүү документтерди жана
маалыматтарды алмашуу кирет.
11-статья
Тараптар 1998-жылы 24-ноябрда Москва шаарында кол коюлган Билим берүү
документтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таануу жана
эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында билим берүү
документтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таануу менен байланышкан
маселелерди жөнгө салуу боюнча иштерди улантат.
12-статья
Тараптар жаштар жана балдар коомдук бирикмелеринин ортосундагы кызматташууну
колдойт, жаштар саясаты тармагында кызматташууну кеѕейтүүгө жана бекемдөөгө
көмөк көрсөтөт.
13-статья
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү колдойт. Тараптар
жаштар жана студенттик эмгек жамааттары (отряддары), ошондой эле Тараптардын
өлкөлөрүнүн ыктыярдуу эмгек отряддарын өз ара жиберишүүгө шарт түзјт.
14-статья
Тараптар ушул Макулдашууда камтылуучу жана Тараптардын өлкөлөрүнүн биринде
өткөрүлүүчү тармактар боюнча семинарларга, фестивалдарга, мелдештерге,
көргөзмөлөргө, конференцияларга, симпозиумдарга жана кењешмелерге катышууга
тиешелүү түрдө катышууга көмөк көрсөтөт.
15-статья
Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынган ишмердүүлүктөр эл аралык укуктун
нормаларына жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16-статья
Тараптардын өз ара макулдашууларына ылайык бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана
анын ажырагыс бөлүгү болуп калат.
Байланыштарды бекемдөө, тажрыйба алмашуу, андан аркы кызматташуу маселелерин
талкуулоо үчүн, ошондой эле ушул Макулдашуунун аткарылышына байланыштуу
консультацияларды өткөрүү үчүн Тараптар өз ара делегация жиберип турушат.
17-статья
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-
жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү
алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл бою колдонууда болот, эгер Тараптардын бири кезектеги
мөөнөт бүтөрүнө 6 ай калганга чейин дипломаттык каналдар менен экинчи Тарапка
анын колдонулушун токтотуу жөнүндөгү јзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе,
Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылат.
______________________шаарында 200_____жылдын «____»______________эки
түп нускада кыргыз, белорус жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда
Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасыньш
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.