# 9-статья. Ойлоп табууну жашыруун сактоо үчүн компенсация

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2007 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О секретных изобретениях»](https://aqlex.ai/kg/doc/202072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241626..1241627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-9

---

Билдирүүчү ээсине жашыруун ойлоп табуунун жашыруун сакталгандыгы үчүн эң төмөнкү эмгек акынын жыйырмадан кем эмес өлчөмүндө акчалай компенсация, ошондой эле жашыруун ойлоп табууга табыштама берүүгө жана аны кароого байланыштуу билдирүүчү ээсинин тарткан чыгымдарынын наркы төлөнүп берилет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөөлөр табыштаманы ушул Мыйзамдын 2-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан бир жолу жана Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табууларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө төлөнүп берилет. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-10)
