# 8-статья. Жашыруун ойлоп табууга табыштаманы каттоо жана экспертизалоо

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 22.03.2007 [Закон КР от 22 марта 2007 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О секретных изобретениях»](https://aqlex.ai/kg/doc/202072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241628..1241629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 8-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-8

---

Ушул Мыйзамдын 2 жана 5-статьяларына ылайык жашыруун сакталган ойлоп табууларга табыштамалар боюнча жашыруун ойлоп табууга табыштамалардын экспертизасы Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамында белгиленген жашыруун эмес ойлоп табуулардын экспертизасын өткөрүү тартибине ылайык, жашыруун ойлоп табууну кароонун төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жүргүзүлөт:

- жашыруун ойлоп табууга табыштаманын экспертизасы жана алдын ала экспертизалардан жана табыштаманын олуттуу экспертизаларынан турат;

- интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табыштаманын олуттуу экспертизасын жүргүзүүгө тийешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын жетекчилери көрсөтүлгөн адистерди орточо айлык эмгек акысын сактоо, жол киресине жана жашоосуна кеткен чыгымдарын төлөө менен ишсапарга жөнөтүүгө милдеттүү;

- принципиалдуу жаңы курал-жарактарга, аскердик техникаларга жана атайын техникалык каражаттарга тийешелүү табыштамалардын олуттуу экспертизасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу тизме боюнча, таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өз корутундуларын бергенден кийин жүргүзүлөт;

- экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тартат.

Табыштаманын олуттуу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары таануу, же билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары тааныбоо жөнүндө чечим чыгарылат. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары таануу жөнүндөгү чечиминин негизинде интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган жашыруун ойлоп табууну Кыргыз Республикасынын Жашыруун ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрине киргизет жана авторго (авторлорго), ал эми билдирүүчүгө - "Жашыруун" деген грифи бар патент күбөлүк берет. Катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтарды алуу жана алар менен таанышуу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик сырларды сактоо талаптарын аткаруу менен жүргүзүлөт. Жашыруун ойлоп табуулар боюнча талаштарды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы № 38, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-9)
